АКШ мамлекеттик катчысынын эки жардамчысы бир убакта Тажикстанга келди

362
0

  Белгилүү болгондой, 2015-жылдын 1-март күнү Тажикстанда парламентке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болуп өтөт. Бул шайлоолор болуп өтүшүнүн алдында АКШ мамлекеттик катчысынын эки жардамчысы т.а. Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысынын орун басары Даниэл Розенблюм жана демократия, адам укуктары жана эл аралык диний эркиндик маселелери боюнча жардамчынын орун басары Стивен Фелдштейн Тажикстанга расмий сапар менен келди.

 Мамлекеттик катчынын эки жардамчысы 5-8-февраль күндөрү Тажикстанда болушат жана сапардын алкагында Тажикстан өкөмөтүнүн мүчөлөрү менен жолугушуп, эки тараптуу жана эл аралык маселелерди, ошону менен бирге Афганистандагы абалды талкуулашат о.э. жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүшөт.

 Туркистон

Мурда түзүлгөн Тажикстан менен Россия ортосундагы келишимге ылайык, мамлекетте жайгашкан орус аскерий базасы дагы 40-жылга калтырылган. О.э. Россия Тажикстан армиясын кайрадан жабдуу жана мамлекеттин Евразия экономикалык биримдигине мүчө болушуна даярдык көрүү жараянына жардам берүүнү убада кылган эле.

 АКШ мамлекеттик катчысынын эки жардамчысы бир мезгилде Тажикстанга сапар кылышы жана алардын бул сапарлары парламенттик шайлоолор өтүшүнүн алдында ишке ашырылышы, Тажикстандын Россия менен жакындашууга болгон аракеттери Америка өкмөтүнө жакпай жаткандыгын билдирип турат.

 Мамлекетте өкүм сүрүп жаткан экономикалык проблемалар жана жакырчылык, март айында болуучу парламенттик шайлоолор маалында Тажикстандагы кырдаалды изден чыгаруу жана Россияга малай болгон Эмомали Рахмондон кутулуу үчүн ыңгайлуу учурду пайда кылышы мүмкүн. 

 Ошол себептен да АКШ мамлекеттик катчысынын эки жардамчысы – алардын бири диний эркиндиктер боюнча жардамчынын орун басары – сапар кылышы да Борбор Азия республикалары ичинде жападан-жалгыз расмий партия болуп эсептелген – Тажикстан Исламий ойгонуу партиясын колдоп-кубаттоо аркылуу мамлекетте башаламандыкты пайда кылуу жана бул аркылуу Афганистанда эле эмес, Борбор Азияда калышы жана Россия басымы астында региондон сүрүп чыгарылып жаткан таасирин кайра тикелөөгө аракет кылып көрүшү мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here