Мисир Израилден газ сатып алмакчы

417
0

Өтө чоӊ запастагы кен байлыктарга ээ болушуна карабастан, энергетика тармагында таӊкыстыкты башынан өткөрүп жаткан Мисир мамлекети Израилден жаратылыш газын сатып алууга даярдык көрүп жатат. Массалык маалымат каражаттары таркаткан кабарга ылайык, АКШнын “Noble Energy” энергетика компаниясына караштуу бир комитет бир нече жолугушууларды өткөрүү үчүн Мисирге барды.

Жер Ортолук деӊизинен чыгып жаткан Израилдин көзөмөлү астындагы “Тамар” газ кендеринен казып алынып жаткан жаратылыш газын Мисирге сатуу пландаштырылууда. Бул газ запасынын үстүнөн Израилдин атынан АКШнын “Noble Energy” энергетикалык компаниясы иш жүргүзөт. Түзүлгөн план боюнча, бул жерден өндүрүлгөн газ Мисирдин Димят порт шаарында жайгашкан “LNG” компаниясына жеткирип берилет.

Израилге караштуу “Delek Sondaj” энергетика компаниясынын ачыкташынча, эгерде ортодо келишимге кол коюла турган болсо 2017-жылдын ноябрь айында Мисирге газ жеткирип берүү башталат.

Мисир өткөн айда газды импорт кылуу туурасындагы бир нече келишимдерге кол койду. Мисир расмийлеринин билдиришинче, Израилден сатып алынып жаткан газ үйлөрдө жана өнөржай, ишканаларда колдонулат. А бирок, Израилден газ импорт кылуу туурасында Мисирдин кээ бир каршылыктары бар экендиги айтылууда. Тарыхта Мисир жана Израилдин ортосунда үч жолу согуш болуп өткөнү бул каршылыктардын негизги себептеринин бири катары каралууда.

Израилдин нефть министрлиги Мисирде өткөрүлгөн жолугушуулар Израиль газын Мисирге узатуу боюнча жүргүзүлгөн техникалык жолугушуулар экендигин билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here