АКШ Кыргызстанга берип жаткан финансылык жардамдарын көбөйтүүдө

294
0

АКШ президенти Барак Обама конгресске сунуштаган 2016-жылдын бюджет долбоорунда белгиленишинче, АКШ өкмөтү 2016-жылы Кыргызстанга 45,6 миллион долларлык финансылык жардам берет

АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстанга берилип жаткан финансылык жардамдар жыл өткөн сайын көбөйүп барууда, мисалы, 2015-жылы АКШ Кыргызстанга 36,3 миллион долларлык жардам берүүнү пландаштырган.

Президент тарабынан сунушталган документте белгиленишинче, АКШ тарабынан бериле турган жардам мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн көтөрүүгө жардам берүүчү демократиялык институттарды колдоп-кубаттоого багытталат.

Мындан тышкары, бериле турган жардамдар жарандык коомду бекемдөө, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо, адам укуктары жана жеке секторду колдоп-кубаттоо о.э. билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталышы белгиленген.

 Туркистон:

Өткөн 2014-жылы Кыргызстан парламентинин депутаттары Турсунбай Бакр уулу, Н.Мамадалиев жана Н. Нарматовалар тарабынан көтөрүп чыгылган “Чет элдик тыӊчылар туурасындагы” мыйзам долбоорун кабыл албастыкты сурап Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп  жаткан 190го жакын НПОлор 10-октябрь күнү президент, премьер-министр жана омбудсменге кайрылуу жолдошкон эле. Алардын ошол кайрылуулары  АКШ мамлекеттик катчысынын Борбор Азия маселелери боюнча орун басары Даниэль Розенблюмдун Кыргызстанга боло турган расмий сапарынын астында жарыя кылынган болуп, кайрылууда, “жогорудагы мыйзам долбоору негизги демократиялык принциптерге тескери көрүнүштө кемсинтүүчү (дискриминациялык) өлчөөлөрдү өз ичине алган болуп, бул мыйзам кабыл алына турган болсо Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн сезиле турган көрүнүштө чектеп коюшу” белгилеп өтүлгөн болчу 

 Розенблюмдун Кыргызстанга болгон сапарынан кийин бул мыйзам долбоору маанилүүлүгүн жоготуп, парламенттик талкууда көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоого алынбаган эле. О.э. АКШ “жарандар жана жарандык коомдордун ишмердүүлүгүнүн айрым көрүнүштөрүн чектөөгө болгон аракеттер” Кыргызстан парламенти тарабынан четке кагылышын алкыштаган болчу.

 2015-жыл келиши менен бир топ кыргыз оппозиционерлери АКШга сапар кылып, жогорку даражалуу чиновниктер менен жолугуп кайтышкандан кийин АКШ президенти Барак Обама Кыргызстанга бериле турган финансылык жардам көбөйтүлүшү туурасында билдирүүдө.

 Мейли, расмий өкмөт Россия басымы астында Кыргызстандан мамлекеттик эмес уюмдарды сүргүн кылууну кааласа да, а бирок, эки тарапты теӊ ыраазы кылуу жолу менен жүрүүгө мажбур болууда.

 

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here