Газпром Кыргызстанды 2030-жылга чейин газ менен камсыздайт

420
0

Кыргыз өкмөтү менен Россиянын Газпром компаниясы ортосунда Кыргызстанды газ менен камсыздоо боюнча келишим түзүлдү. Келишимге ылайык, Газпром компаниясы Кыргызстанды 2030-жылга чейин газ менен камсыздай турган болду.

Өкмөттүн жыйынына катышкан Газпром компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер мурда убада кылынган 20 миллиард рублдин ордуна 34 миллиард рубль инвестиция жаткыра тургандыгын билдирди.

Газпром компаниясынын жетекчиси Кыргызстан дүйнөдөгү эң жакшы газ өткөргүч системасы менен жабдыла тургандыгын айтып, келечекте азыркыга караганда үч эсе көп кыргызстандыктар газ колдонуп калышын билдирди. Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев болсо 2030-жылы газды керектөө азыркыдан беш эсе көп болорун билдирди.

 «Газпром компаниясынын түз инвестициясы аркылуу өлкөнүн бардык облустары газ менен камсыздалат. Газ менен камсыз болуу жалпысынан үч эсе өсөт. 2030-жылга калктын жана ишканалардын 60 пайызы газдуу болот», – деди Оторбаев өкмөттүн жыйынында.

Газ менен камсыздоонун жаңы долбоору менен тааныштырган Газпром компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер жаткырыла турган инвестиция 20 миллиард рублдан көп экендигине басым жасады.

 Ал: «Башкы газ келген негизги магистралды, тармактык куурларды оңдоп-түзөө, жаңыдан куруу каралган. Андан сырткары газды тараткан станцияларды, айылдар арасындагы, айыл ичиндеги жана көчөлөрдөгү куурларды оңдоо же жаңы салуу иштери жасалат», – деди.

Бирок, көз карандысыз эксперттер бул ишке шектенүү менен карап жатышат. Алардын айтымында, мындай убадалар менен Россия экономикалык кызыкчылыктардан тышкары геосаясий максаттарды да көздөп жатат.

Эксперт Эрнест Карыбеков: «Бүгүн беребиз деген 34 миллиард рубль 700 миллион доллардай болот. Алар «Кыргызгазды» сатып алып жатканда эле 600-700 миллион доллар инвестиция салабыз деген. Ал эми 2030-жыл абдан узак. Эмне үчүн кыска мөөнөттөгү конкреттүү пландарын айтышпайт? Орустарда «Ага чейин же эшек өлөт же падыша өлөт» деген макал бар эмеспи… Компания таза экономикалык кызыкчылыктан улам кирип жатса, баарын кыска убакытта бүтүрүп коймок», – деди.

Ал эми «Газпром» элге газды канчадан сатаары азыр белгисиз. Кыргызстан ири инвестор деп карап жаткан «Газпром» жакынкы жылдары социалдык объекттерди кураарын кошумчалады.

Туркистон:

Россия убада кылып жаткан акчалар Кыргызстандын эмес, Россиянын кызыкчылыктары үчүн жумшалат. Себеби, ал бизге өзүнүн жана өзүбүздүн газыбызды сатуу жабдыктарын курууну пландаштырууда. Эсиӊизде болсо ал бизден бүтүндөй газ тармагын сатып алган. Бирок, негедир курулуп жаткан жабдыктардын чыгымдары биздин мойнубузга жүктөлүп, бизди карыз кылып алмакчы болууда. Социалдык обьекттер да алардын керектөөсү үчүн пландаштырылып, бардык объекттерди – пайдалануу мөөнөтү аяктап калган убакта – жаткырылган инвестиция катары бизге калтырып кетишмекчи.

Жогоруда жүрүп жаткан иште да т.а. биздин жерибизде өзүбүздүн газыбызды алып өзүбүзгө кайра сатуу ишинде, алардын кызыкчылыктары болгон бардык түтүктөр, жумушчулардын турак-жайлары, газ сатууну ыӊгайлуу кыла турган бардык өлчөгүчтөрү жана иш жүргүзүү обьекттеринин бизге кандай тиешеси бар. Акыры биз бүтүндөй газ тармагын аларга сатып жибергенбиз го. Алар алып кирип жаткан бардык инвестиция же жабдыктардын бизге кандай тиешеси болушу мүмкүн. Бул өкмөт бизди чалгытууга аракет кылып жаткан жараян инвестиция жаткыруу жараяны деп эмес, тескерисинче, Россиянын ички дүӊ продукциясы кылып алган газ тармагын жолго салуу үчүн жумшалуучу чыгымдар деп этибар кылынышы керек. Өкмөт бул жараяндан саясий популист катары пайдаланмакчы.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here