Өзбекстан Борбор Азияда куралдануу байгесин баштап бермекчиби?

292
0

 Кытайдын “Хуанцю шибао” газетасынын кабар беришинче, Өзбекстан Кытайдан орто аралыкка болжолдонгон HQ-9 зениттик ракета комплексин сатып алган. Кабарда айтылышынча, Кытай өкмөтү ушул аскерий жабдыкты Өзбекстан жана Түркмөнстанга жеткирип берген.

  Өзбекстандын интернет сайттарында кеӊири жайылган кабарларда айтылышынча, ушул комплексти жеткирип берүү туурасындагы келишимге 2013-жылы кол коюлган. Саны өтө көп болбосо да, “биринчи жолу мындай системалар экспорт кылынууда”. Ушул ракета комплекси самолёттор, канаттуу ракеталар о.э. вертолётторду атып түшүрүү үчүн болжолдонгон. Бул нерсе баллистикалык ракеталарды кармап калышы мүмкүн болгон Кытайдын алгачкы зениттик ракета комплекси болуп эсептелет.

 Мындан бир аз мурда, Өзбекстан Кытайдын Chengdu Aircraft Industry Corporation компаниясы тарабынан чыгарылган учкучсуз аракеттене турган Pterodactyl (Yilong-1) чабуул кылуучу комплексин сатып алганы туурасында кабарлар таркаган эле.

  Мындан тышкары, Өзбекстан өкмөтү Афганистандан кошуундарын алып чыгып жаткан АКШ, Британия жана Германияга кайрылып, брондуу машиналар, мина детекторлору, вертолёттор, навигация курулуштары жана түнкүсүн көрүүчү жабдыктарды калтырууну сураган, өз кезегинде Улуу Британиянын коргоо министри Филипп Хаммонд кошуундарын Афганистандан коопсуз алып чыгып кетилишинин акысына Британия Өзбекстанга курал жана аскерий техника сатууга токтом кылгандыгын билдирген эле.

 Өткөн айдын аягында болсо АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысынын орун басары Даниэл Розенблюм АКШ Өзбекстанга 308 даана M-ATV тибиндеги брондуу машина жана башка түрдөгү 20 даана ремонт-эвaкуaция мaшинaсын жеткирип бере тургандыгын билдирген болчу.

 Өзбекстандын Батыш куралдарына ээ болуу жолундагы аракетинин артынан Россия Кыргызстан менен бир миллиард долларлык, Тажикстан менен болсо 400 миллион долларлык аскерий келишим түзүп, өткөн жылдын аягынан баштап бул эки мамлекетке курал-жарак жеткирип берүүнү баштады.

 Россия жана Батыш мамлекеттери “исламий коркунучту” көбүртүп көрсөтүү жолу менен Борбор Азия республикаларына өзүнүн пайдаланып болгон, эскирген курал-жарактарын жеткирип берүү аркылуу бул региондо өз таасирин бекемдөөгө, аларды куралданууга мажбур кылуу аркылуу өзүнө экономикалык жактан көз каранды кылууга олуттуу аракеттенип жатышат.

 “Коркконго кош көрүнөт” дегендей, Борбор Азия республикаларынын жетекчилери да өзү жок болгон, бар болсо да учурдагы бийликке коркунуч туудурушу мүмкүн болбогон “коркунучтардан” коргонуу үчүн мамлекеттин бюджетинен канча каражат кетишине жана карапайым калктын мойнуна канча карыз жүктөлүшүнө көӊүл бурбастан, аскерий мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга умтулушууда.

 Туркистон:

Албетте бул куралдануу байгеси белгилүү бир максаттарды көздөй атайын багытталган. Бул максаттардын арасында курал сатуунун артынан экономикалык, саясий, стратегиялык жана геосаясий кызыкчылыктар бар. Бул кызыкчылыктар бир тараптуу багытталганда проблема анчалык кооптуу болбойт эле. Бирок, учурда бир нече тараптардын кызыкчылыгы бири-бирине бүтүндөй карама-каршы келип калган. Алардын ар бири өз кызыкчылыктарын көтөрүп чыгып, региондогу белгилүү бир мамлекеттерди өзү тарапка тартуу менен бирге аларды куралдантып жатышат. Бул Орто Азияда жашап жаткан бир тууган элдер мамлекеттеринин бири-бири менен болгон бардык алакаларынын курчуп бара жатканында сезиле турган натыйжа берип жаткандыгынан кабар берүүдө.

Учурда Россия жүргүзүп жаткан “мусулмандар тарабынан болуучу ар түрдүү коркунучтардан эскертүү” жараянынан АКШ менен Кытай да өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланып калууга шашылып жатышат. Бирок ошого карабастан, кырдаал курчуп бара берет. Себеби, бул жетекчи мамлекеттердин ар бири өз кызыкчылыктарынан келип чыгып, дүйнө таанымында да бири-биринен айырмаланышат. Алар кырдаалды өздөрүнүн дүйнө таанымдарына моюн сундурууга аракеттенишет. Табигый түрдө, өз таасири астындагы мамлекеттерди да ошол кызыкчылыктары тарапка багыт алууга мажбурлашат. Натыйжада, бир региондо ар түрдүү көз караштар негизинде багытталган бири-бирине карама-каршы мамлекеттер пайда болот. Бул карама-каршылыктардын күчөп барышы, алардын бири-биринен кооптонууларын күчөтүп бара берет. Бул жараян региондо куралдануу байгесин, бири-бирине болгон мамилелериндеги кескиндикти жана үстүлөрүндөгү чоӊ мамлекеттерге болгон көз карандылыкты күчөтүп бара берет

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here