ЖИКЧИЛДЕРДИН ЖЕТЕКЧИСИ КӨЗДӨРҮ ЖАШКА ТОЛГОН АБАЛДА ПУТИНДЕН ЖАРДАМ СУРАДЫ

340
0

Украинанын түштүк чыгышында жайгашкан Луганск шаарындагы россиячыл жикчилдердин лидери Игорь Стрелков бир нече телеканалдарга берген интервьюсунда көз жаш менен Путинден жардам сурады. Стрелковдун кабар беришинче, ашып кетсе эки аптага туруп бериши мүмкүн, андан кийин болсо Украина армиясы аларды өлтүрөт.

Стрелков Крым жарым аралынын Украина курамынан чыгып Россияга кошулушунда да активдүү рол ойногон адамдардын бири. Андан соӊ Украинанын түштүк чыгышында жайгашкан Луганск шаарында россиячыл жикчилдер тарабынан бир тараптуу жарыя кылынган “Луганск элдик республикасы”нын жетекчиси болуп дайындалган. Стрелковдун айтымында, Украина армиясы өткөн аптада баштаган операциялардын артынан жикчилдердин таянууга күчү калбаган.

Игорь Стрелков Украина армиясы баштаган операцияларда өтө көп адамдарын жоготкондугун тилге алып, өздөрүнүн “түгөнүп бүткөндүгүн” ачыктады. Стрелковдун билдиришинче, Украина армиясы “ок атууну токтотуу” мезгилинде мамлекеттин түштүк чыгышына өтө чоӊ өлчөмдө бронетехникаларды жана оор куралдарды алып келген, андан кийин болсо Семёновка жана Краматорск шаарларын бутага алган өтө чоӊ операцияны баштаган.

Украина армиясы каршысында курал-жарак жана ок-дарылар запасы жаатында алсыз калгандыгын айтып өткөн Стрелков эгерде Россия регионго кирбесе ашып кетсе икки аптада “түгөнүп бүтө тургандыгын” айтты.

“Россия окуяга аралашып ок атууну токтотуу чечимин иш жүзүндө колдонбосо же регионго жардамчы күч жибербесе биздин түгөнүп бүтүшүбүз анык. Бул ашып кетсе бир нече аптанын ичинде ишке ашат. Натыйжада Славянск жок кылынат”, – деди жикчилдердин лидери Игорь Стрелков.

Туркистон: Украин сепаратисттерине эч кандай тиешем жок деген Путин бир кыйла кызыктай абалда калды. Стрелковдун жогорудагы ултиматуму, Россиянын кызыкчылыгы үчүн жан берип келе жаткан этникалык орустардын каршылык кыймылы эми Россиянын ачык колдоп-кубатташын т.а. согушка аскерий күч менен толук аралашуусун талап кылууда. Бул болсо, Россиянын Батыш дүйнөсү менен ачык майданда күрөшүүсүнө себеп болушу мүмкүн. Ортосунда күчтүү суук согуш абалынын пайда болушу дээрлик анык болуп калды. Украинага аскерий жүрүш кылышы НАТО менен аскерий кагышууга чейин алып барышы мүмкүн. Путин кыйын тандоонун ортосунда калды. Аралашпастыгы болсо, АКШга НАТОнун аскерий базалары менен регионду толтуруп жиберишине жол ачып берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here