КЫТАЙ ЖИБЕК ЖОЛУН КАЙРАДАН ТИКЕЛӨӨНҮ ПЛАНДАШТЫРУУДА

283
0

Кытай өкмөтү жалпы баасы 150миллиард долларга, жолдун узундугу 6 миң километрге барабар болгон Улуу Жибек жолун кайрадан тикелөөнү пландаштырууда. Жогорудагы Жибек жолу Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Иран мамлекеттери аркылуу өтүп, Түркияга жетип барат.

Кабарга ылайык, курулуучу темир жолдун башталыш чекити Кытайдын Шинжан-Уйгур областынан башталат. Бул жол, Карс-Ахалкала-Тбилиси- Баку темир жолу аркылуу Кавказ аймагын бириктирет. Бул болсо, жолоочу ташуунун көлөмүн көбөйтөт.

Темир жол 2030-жылга барып бүткөрүлөт. Жогорудагы жолоочу ташуучу поезддердин ылдамдыгы саатына 200 километрге, жүк ташуучу поезддердики болсо 160 километрге барабар болушу айтылууда.

 Туркистон:

Кытай Россиянын позициялары алсырап бара жаткандыгынан, ошону менен параллел АКШнын Россия менен геополитикалык карама-каршылыктарынын күчөп бара жатканынан өз кызыкчылыктары жолунда өнүмдүү пайдаланып калмакчы. Россиянын мындай абалы АКШга аябай жагат. Анткени, ал региондогу Россиянын кубатын алсыратууда Кытайдын ачкөздүгүнөн о.э. эл аралык саясаттагы позициясын күчөтүүгө болгон умтулушунан пайдаланат.

 Россия эми Кытайды мурункудай болуп эл аралык майданда башкара албастыгын жана мындан кийин аны менен өз ара теӊ ата мамилелерди куруу негизинде кызматташтыктын жаңы стратегиясын түзүү керектигин түшүнүп жетти. Буга аны АКШнын кудум Германия сыяктуу өз канаты астында дүйнөдө чыныгы жетекчи мамлекеттер сабында иш алып бара ала турган болушу мүмкүндүгүнө Кытайды ишендире алганы жана ошону менен бир катарда эл аралык майданда Россиянын кадыр-баркы түшүп бара жаткандыгы себеп болду.

 Дүйнөнүн геопалитикасын өзгөртүп жибериши мүмкүн болуп турган бул чоӊ долбоорлордон АКШ күтүп жаткан  дагы бир чоӊ максат бар. Ал Россия, Кытай жана Индиянын ортосунда иш жүзүндөгү же күтүлүп жаткан ар кандай кызматташтык же жакындыктарды бузуп жиберүүгө каратылган аракеттер болуп эсептелет.

 Борбор Азия жана Кавказ региондору болсо – жогорудагы чоң мамлекеттер өздөрүнүн ортосундагы мамилелерди тартиптештирип алышы үчүн туруктуу күрөштөрдөгү согуш майданы болуп турууну улантышат. Бул күрөш алардын саясий, стратегиялык, экономикалык жана башка геополитикалык кызыкчылыктарына негизделген болушу мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here