СИРИЯ РЕЖИМИ МЕНЕН ОППОЗИЦИЯСЫН БИРИКТИРҮҮГӨ АРАКЕТ БОЛУУДА

323
0

Сирия тышкы иштер министрлиги Россия өкмөтү көтөрүп чыгып жаткан “Сирия режими менен оппозицияны сүйлөшүү столуна тартуу” демилгесин кабыл алгандыгын жана оппозиция өкүлдөрү менен жолугушууга даяр экендигин билдирди.

“Сирия өкмөтү мамлекеттеги кризистен кутулуу жолун табуу жана Сирия калкынын үмүттөрүн жүзөгө чыгаруу үчүн Москвада уюштурула турган жыйында катышууга даяр”, – деп айтылат Сирия министрлиги тарабынан чыгарылган билдирүүдө.

Сирия жеринде террорго (Исламий кыймылдарга) каршы күрөш улана тургандыгын баса белгилеген Сирия тышкы иштер министрлиги ушул кезге чейин Москвада болуп өткөн жолугушуулардан “сириялыктар ортосунда тышкы мамлекеттердин аралашуусусуз сүйлөшүү уюштуруу” максаты көздөлгөндүгүн айтты.

Акыркы кездерде Россия өкмөтү Сирия кризисин чечүү үчүн Москвада жаңы Женева доорун баштоого аракет кылып жатканы байкалууда. Декабрь айынын башында Россия президенти Владимир Путиндин атайын өкүлү Михаил Богданов Стамбулда Сирия улуттук коалициясынын жетекчиси Ходи ал-Бахра менен жолугушкан эле. Андан бир аз мурда Сирия тышкы иштер министри Валид Муаллим Россияга келип, президент Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкан эле.

Сирия улуттук коалициясынын жооптуулары Россия жана Сирия оппозициясы ортосундагы алакалар акыркы кездерде күчөгөнүн жана Россия тарап Сирия оппозициясын сүйлөшүү столуна отурушу үчүн кысымга алып жатканын билдирүүдө. Оппозиция өкүлдөрүнүн билдиришинче, Россия өкмөтү Сирия режими жана оппозициясы ортосунда тезирээк тынчтык келишими башталышын каалайт. Бул үчүн ал Сирия оппозициясына тезирээк аракет кылышы үчүн басым өткөрүүдө.

Сирия кризисин чечүүдө рол ойноону каалаган Мисир жооптуулары болсо Каирге жолго чыккан Сирия улуттук колициясынын жетекчиси Ходи ал-Бахра менен жолугушту. Ал жерде Ходи ал-Бахра биринчи орунда араб мамлекеттери лигасынын жетекчиси Набил Арабий менен жолугушту. Ал-Бахра Набил Арабий менен жолугушуусунун артынан берген билдирүүдө Москва же Каир бул баскычта Сирия кризисине карата расмий демилге көрсөтпөгөндүгүн айтып өттү.

Сирия улуттук коалициясынын жетекчиси: “Сирия кризисине карата Мисир же Россиянын бирер демилгеси жок. Негизги маселе Каирде бардык оппозиционерлер бир жерде чогула турган жолугушууну уюштуруу. Азырынча бул жаатта анык бир нерсе айтуу кыйын”, – деди.

Ходи ал-Бахра Набил Арабий менен БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стеффан Де Мистуранын “тоӊдурулган аймактар” планы жана Россия өкмөтү уюштурууга аракеттенип жаткан “Москва конгресси” туурасында талкуу болгондугун билдирди.

Сирия улуттук коалициясынын жетекчиси Ходи ал-Бахра: “Биз оппозиция катары мойнубузга түшкөн милдетти аткаруу үчүн өз ара чогулуп тынчтык сүйлөшүүлөрү ишке ашырыла турган “ортоктош жол картасы” үстүндө келишим түзүү ниетиндебиз”, – деди.

Туркистон:

Шам аймагынын проблемалары Украина маселесинен кийинкиге өтүп, бир аз этибарсыз болуп калган эле. Бул АКШнын Россияга каршы колдонуп жаткан планынын бир бөлүгү болуп, ал атайылап дүйнө жүзүн бойлоп ИШИМ уюмун өтө коркунучтуу кылып көрсөтүү операциясын алып барды. Максаты, Саудия жана ОПЕКке мүчө араб мамлекеттерин коркутуу менен аларды нефтинин баасын түшүрүүгө ыраазы кылуу болчу.

Саддам Хусейн баш болгон Ирак режими кулап, АКШ үчүн Израиль жана Араб өлкөлөрүн коркууда кармап туруучу күч жок болуп калды. Эми жаңысы пайда кылынды. Алардын ар бир адам өлтүрүүсү интернеттен кеӊири жайылышы үчүн шарт түзүлдү. Аларга кошулуусу үчүн мужахиддерге кирип баруу жолдору кеӊири ачылды. ИШИМ үчүн банктарда акчалар жана аскерий техника атайылап калтырылды. Кыскасы, ушулардын баары уюштурулду.

Натыйжада ИШИМ уюму араб өлкөлөрүн эле эмес, балким Орто Азия өлкөлөрүн да коркууга сала баштады. АКШ бул уюмду көзөмөл астында кармап тургандай көрүнүп, андан өз максаты жолунда бир нече региондорду коркууга сала баштады. Ал тургай, анын атынан бир нече жардыруу иштерин уюштурду жана дагы уюштурушу мүмкүн. АКШнын максаттары жүзөгө чыгып бара жатканын Россиянын бүгүнкү күндөгү абалын көрүү менен биле алабыз. Ушулардын баары АКШнын басымы менен араб өлкөлөрү нефть казып чыгарууну кескин көбөйтүшү аркылуу ишке ашырылды. Болбосо, учурда Араб өлкөлөрү үчүн нефтинин баасын арзандатууда зыяндан башка кызыкчылык жок. Демек, аларды ар дайым коркууда кармап туруу үчүн Шам регионун бир нече мамлекетчелерге бөлүп жиберүү менен, убактылуу болсо да бейпилдик пайда кылынып турулушу керек. Жок эле дегенде, белгилениши күтүлө турган жасалма чегараларды бузбастыкка мусулмандарды ыраазы кылууга аракет кылышат. Мусулмандар өз ара согушуусу үчүн, өз алдынча, эч бир мамлекет тан албай турган бир аймакты калтырат. Кудум ошол тан алынбаган аймак АКШнын планы боюнча бүт регионду коркууда жана эл аралык саясатка муктаж абалда кармап турууга шарт түзөт.

Башыбызга түшүп келе жаткан бул абалдан исламий мафкура негизиндеги шайкештик гана алып чыга алат. Ал тургай, ар бир мусулман аскерийлери куфр мафкурасынан таасирленип калгандыктан туура аракет кылбай жатат, же мусулмандарга каршы аракеттенип жатат. Ар бир мужахид да башка мусулмандарды өлтүрүп жатканда же бири-бирине курал көтөрүп жатканда, бардык убакта Ислам мафкурасын туура түшүнүп жаткан жок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here