КЫТАЙ ТАЖИКСТАНДЫН ЖЕРЛЕРИН ЭЭЛЕП ЖАТАТ

256
0

Кытай өкмөтүнүн кудум Тажикстанда түбөлүк кала тургандай болгон иш-аракеттери көпчүлүктүн тынчсыздануусуна себеп болууда. Ал жерде иш жүргүзүп  жаткан Кытай фирмалары жумушчу орундарда жергиликтүү элге караганда кытайлыктарды иштетүүнү абзел көрүшөт. Тажикстанга миллион доллардай инвестиция жаткырган Кытай өкмөтүнүн миӊдеген гектар жерлерди да өздөштүрүп алгандыгы айтылууда.

Орто Азия мамлекеттери менен стратегиялык кызматташтыкты жолго коюп, миллиарддаган доллар инвестиция жаткыруу укугуна ээ болгон Кытай өкмөтү региондо жакшы орношуу үчүн олуттуу аракет кыла баштагандай. Кытай Орто Азия мамлекеттери арасында эң көп инвестицияны Тажикстанга жаткырган.

Дагы айта кетүүчү нерсе, Кытай дыйкандары Тажикстандын Мургаб, Хатлон, Кумсангир жана Бохтар областтарындагы эки миң гектар жер аянтын да ээлеп алышкан. Алар өз мекенинде болгону сыяктуу бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, ар түрдүү продукцияларды өстүрүп чыгарышууда. Тажикстандагы айыл калкы болсо аргасыздан башка жерлерге көчүп кетүүгө, же жерлерин ээлеп алган кытайлыктардын колунда иштөөгө мажбур болушууда.

Тажикстандагы эң чоң компаниялардын бири “Зарафшон” Тажик-Кытай алтын өндүрүүчү компаниясында 1500 жумушчунун козголоӊ көтөрүшү да ошол себептерге барып такалат. Кытайлык жумушчуларга жергиликтүү жумушчуларга караганда 15 же 20 эсе көбүрүүк айлык берилиши жумушчулар арасында нааразылыктын келип чыгышына себеп болду.

“Зарафшон” Тажик-Кытай алтын өндүрүүчү компаниясы үчүн 2013-жылдын өзүндө 60 миллион инвестиция бөлүндү. Бир гана инвестиция жаткыруу менен эле чектелбеген Кытай Тажикстанда бир нече стратегиялык өнөржай мекемелерине жана миңдеген гектар айыл-чарба жерлерине да ээ болуп алган.

Туркистон:

Кытай Орто Азия жерлерине илгертеден көз артып келген. Алгач СССРдин, андан кийин Россиянын кол астында, анын коргоосу астында болгон бул өлкөлөрдө – учурда Россиянын эл аралык саясаттагы таасири алсырап бара жаткандыктан улам – Кытайдын баскынчылык аракеттерине жол ачыла баштады.

Эл аралык саясат – улуу мамлекеттер алсыз мамлекеттер үстүнөн баскынчылык кылышы үчүн эл аралык мыйзам жана укуктук нормаларга ылайык келген көрүнүштө – чалгытуучу ыкмалар жана ар түрдүү резолюциялар формасында мыйзамдаштырылган. Бул мыйзамды куфр дүйнөсү биригип алып Палестина жерлерин Израиль деген аталыш менен яхудий сионисттерге алып берүүдө колдонушкан. Алар Палестина жерлерин узак мөөнөттөргө ижарага алуу, инвестиция жаткыруу жана ипотекалык кредиттерди берүү шарты менен биргелешкен ишканаларды түзүү сыяктуу учурда биздин өлкөлөрүбүздө да өтө чоӊ кырсыктарды алып келип жаткан ыкмаларды колдонушкан.

Кытайдын жогорудагы аракеттерин Россиянын кол астындагы өлкөлөрдү басып алууга аракет кыла баштоо деп бааласа болот. Ал Россиянын эл аралык саясаттагы деӊгээлин төмөндөтүү т.а. бүтүндөй талкалап агрардык мамлекетке айландырып жиберүү максатында жүргүзүп жаткан АКШнын дүйнөлүк кеӊ тармактуу аракеттериндеги долбоордун бир тармагына айланып барууда. АКШ Кытайдын экономикалык кризиске карай бара жаткан абалынан пайдаланып, аны Россиянын колониясы болгон өлкөлөргө баскынчылык жүрүштөрүн уюштурууга үндөп жатат. Жакында Казакстанда болуп өткөн ШКУнун кезектеги жыйынында Кытай мамлекети  уюмдун алкагында финансылык фонд түзүүнү жана анын финансылык камсыздоосун дээрлик өз мойнуна алышын сунуштады. Ал Орто Азиядагы мамлекеттер үчүн Кытай тарабынан жем таштоо болуп, бул нерсе учурдагы экономикалык алсыз абалдарында аларды албетте кызыктырат.

Жогорудагы Тажикстан тарабынан сатылып жаткан жерлерден түшкөн каражаттар да Э. Рахмондун өз режимин сактап калуу максатында иштетилет. Т.а. революцияларды уюштуруу үчүн ыӊгайлуу болгон экономикалык таӊкыстык абалын убактылуу болсо да жашырып туруу мүмкүнчүлүгүн пайда кылууга иштетилет. Рахмон да кудум Каримов сыяктуу өз калкынын ичинде залим деп аталып калды. Ал да мусулмандарга зулум кылууда Каримовдон калышпастыкка аракет кылууда. Өлкөнү гүлдөтүүгө  өтө чоӊ өлчөмдөгү инвестицияларды жумшоодо да ага теӊелүү максаты даана көрүнүп турат. Кытайга жер саткандан түшкөн каражаттардын дээрлик бардыгы Россияда кулдай кызмат кылып жаткан жакыр калктын пайдасы үчүн эмес, тескерисинче, аларды чалгытуу үчүн учурда керексиз болгон бийик имараттарды курууга жумшалат. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here