Акыркы кездерде Россия Сириядагы кризисти чечүү үчүн кээ бир дипломатиялык аракеттерге киришип, БУУ да бул аракеттерге кайдыгер эместигин көрсөттү. Сирия режими менен оппозиция ортосунда келишимге жетишүү максатында АКШ жана БУУ башчылыгында Женевада уюштурулган жолугушуулар ийгиликсиз аяктаган эле. Бирок ошого карабастан, Россиянын демилгеси менен бул жараян жаңыдан башталды.
Январь айында Москвада өткөрүлүшү пландаштырылган жана Сирия режими менен оппозициясы ортосунда сүйлөшүүлөр өткөрүлүшү күтүлүп жаткан жолугушууларга БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стеффан Де Мистура да катышат. Бул тууралуу Мистуранын маалымат катчысы билдирди.
Сирия оппозициясынын өкүлдөрү өткөн декабрь айынын башында Москвага барып 15-декабрга чейин ал жерде калышкан эле. Сириялык комитет бул убакытта Россия президенти Владимир Путиндин атайын өкүлү Михаил Богданов менен жолугушууларды өткөрүштү.
Оппозиция өкүлдөрүнүн дагы кайрадан Москвага келиши күтүлүүдө. Кабарларда айтылышынча, бул жерде алгач оппозиция өкүлдөрү ортосунда өз ара жолугушуулар болуп өтөт. Андан кийин орус жооптууларынын планы ишке ашырылат. Т.а. Сирия режими менен оппозициясы ортосунда сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.
Богданов тарабынан чыгарылган билдирүүдө айтылышынча, Сирия оппозициясынын өкүлдөрү т.а. Сирия ичкерисинде жана тышкарысында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан оппозиция өкүлдөрүнөн 20-25 адам Москвага келип жолугушуу өткөрүүсү пландаштырылган. Богдановдун айтымында, бул жолугушуу Женева келишимин ишке ашыруу үчүн чөйрө даярдайт.
Богданов: “Биз эң пайдалуу деп билген келишимдер ишке ашкандан кийин тараптар 30-июнда өткөн Женева келишими турмушка колдонулушу туурасында макулдашып алышына толук ишенебиз”, – деди.
Эскерте кетүүчү нерсе, Сирия улуттук коалициясынын мурдагы жетекчиси Муаз ал-Хатиб эки ай мурда Москвага сапар кылган жана бул сапарында Башар Асад режими менен сүйлөшүү столуна отурушу мүмкүн экендигин билдирген эле.
Туркистон: Россия АКШга кошомат кылмакчыбы, же өзүн дагы деле эл аралык саясий майданда таасирдүү кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатабы?
Сирияда анын дээрлик эч кандай кызыкчылыгы калбады. Калган болсо да, пайдалуу болбой калган. Россия учурдагы абалында Сирияда дагы бирер кызыкчылыкты көздөшү логикага туура келбейт. Демек, ал өзүнүн ички проблемаларын бир аз болсо да оңдоп алуу максатында АКШнын иштерине жардам берип жибермекчи. Себеби, Украина проблемасы АКШга түздөн-түз байланыштуу экендиги ал тургай Путинге да сыр болбой калды.
Сирияда оппозициялык күчтөр менен Асад режими ортосун оӊдогондун кандай пайдасы бар. АКШны Шамдагы бүгүнкү геополитикалык абал канааттадырат. Эми ал үчүн күчтөр ортосундагы теӊ салмактуулукту кармап туруу проблемасы калды. Бул ишти болсо Асаддын режимин сактап қалуу менен ишке ашырмакчы. Асад тарабын Россиянын жардамы менен кудум мурункудай кубаттап туруу таянычы милдетине коюп алмакчы. Балким Иранды да тартып калышы мүмкүн.
Бул теӊ салмактуулуктун эмне кереги бар? Түпкүлүгүндө бул күчтөрдүн бар болуп турушу Россияны кулатууга кызмат кылат. Себеби, учурда АКШ ИШИМ менен Саудия жана дагы бир нече араб өлкөлөрүн коркутуп турат. Бул коркуу аларды нефтинин баасын АКШнын кызыкчылыгына ылайык, бирок өзүнүн зыянына арзандатууга мажбур кылууда. Россиянын кыйроосу мына ошол нефтинин баасына бекем байланып калган.
Бирок, эмне үчүн Россия ушуларды билген абалда Сириядагы бул иштерге ыраазы болууда. Демек, анын учурдагы абалы иштерди өзүнүн каалоосуна же кызыкчылыгына ылайык тандоо даражасында эмес.