РАСМУССЕН: КОРГОНУУГА КЕТҮҮЧҮ КАРАЖАТТАРДЫ КӨБӨЙТҮҮ ЗАРЫЛДЫККА АЙЛАНДЫ

401
0

Үч күндүк расмий жолугушуу өткөрүү максатында АКШнын борбору Вашингтонго келген НАТОнун башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен “Атлантика жыйыны” деген аталыштагы талкууда сөз сүйлөдү.

Расмуссен НАТОнун Украина, Сирия жана Ирак сыяктуу бир нече мамлекеттерде пайда болгон кризистерге каршы тезинен жооп кайтара алышын камсыздай турган жаңы бир аракетке даярдык көрүү планы бар экендигин айтып өттү. Расмуссендин айтымында, бул план 4-5-сентябрда Уэльсте өткөрулүүчү жолугушууда көрүп чыгылат. Коргонуу үчүн жумшалуучу каражаттардын көбөйтүлүшү да жолугушуунун маанилүү маселелеринин бири болушун айтып өткөн Расмуссен НАТОнун 28 мүчөсү ички дүӊ продукциясынын 2 пайызын коргонуу үчүн жумшашы керектигин айтты.

Расмуссен коргонууга ички дүӊ продукциянын 2 пайызы жана андан көбүрөөгүн бөлгөн АКШ, Англия жана Грецияга акыркы кездерде Эстония да кошулгандыгын билдирип, Түркия, Польша, Румыния, Латвия, Литва мамлекеттери да 2020-жылга чейин бул пайызды көбөйтүшү керектигин баса белгиледи.

“Кээ бир Европа мамлекеттеринин дагы да көбүрөөк каражат бөлүшү мүмкүндүгүн жана ушундай кылышы керектигин айткан биринчи адам мен болушум керек. НАТО туруксуздукка каршы камсыздандыруу жандармы болуп эсептелет. Анын бардык мүчөлөрү кошумча төлөмдөрдү берүүгө мажбур жана бул кошумча төлөм бир аз мурда көтөрүлдү”, – деди Расмуссен.

Оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан Европа биримдигинин кайрадан өнүгө баштагандыгын айткан Расмуссен: “Коргонуу каражаттарын көбөйтүү ар дайым эле оӊой боло бербейт. А бирок, биз дуушар болуп жаткан коркунучтарды көз алдыбызга келтире турган болсок, бул зарыл ишке айланды”, – деп кошумчалады.

Түркиянын түштүк чегараларында жүз берген окуялар жөнүндө айткан Расмуссен НАТОнун Ирак же Сирияга кириши мүмкүн эместигине ишара кылып, эгерде согуштун көлөмү Түркияга чейин  кеӊейип бара турган болсо НАТОго мүчө мамлекеттер Түркияны коргой тургандыгын билдирди.

Расмуссен Вашингтондо өтүп жаткан жолугушуунун экинчи күнүндө Ак үйдө АКШ президенти Барак Обама менен жолугушат. Ал жолугушууларга даярдык үстүндө Обама менен кеӊешип жатканда Украина маселесин да ортого коюшу айтылууда.

Туркистон:

НАТО согушка даярданып жатабы? Ким менен? Украина үчүн Россия мененби? Бирок, Россияга анын азыркы кубаты да жетиштүү болот. Ал Батыштагы жетекчи мамлекеттер тарабынан, бири-бири менен материалдык кызыкчылыктар талашуунун натыйжасында келтирип чыгарган оор абалды жок кылуу үчүн көп убакытка созула турган согушка даярдык көрүп жатат. АКШ мусулман өлкөлөрдө барган сайын кеӊейип бара жаткан согуштарды жалаӊ өзү тарабынан камсыздала турган бул аскерий каражаттардын бир бөлүгүн Европага жүктөмөкчү. Себеби, Ислам мусулмандарды түзүм сыпатындагы жактары менен ойготуп келе жатат. Мусулмандар жихадды шарий өкүм катары өз ордунда иштете башташты. Бул болсо, Батыш тарабынан жихадий кыймылдарды өзүнүн саясий жолдорунда бири-бирине каршы коюу же мусулмандар аралык согуштарга багыттоо максаттарын акырындап жокко чыгарып бара жатат. Мындан тышкары, мусулмандарды исламий идеология эртеби-кечпи бириктиришинен жана бүтүндөй көӊүлүн куфрду жеӊүүгө каратышынан тынчсызданып жатышат. Бул исламий Халифалык мамлекетин түзүүнүн артынан даъватты жихад аркылуу алып чыгуу менен болобу, же болбосо учурда болуп жаткан ынкылаптык коргонуу жихаддарын шаръий туура тарапка багыттоо менен болобу айырмасы жок. Кайсы көрүнүштө болсо да куфр үчүн узак мөөнөттүү коркунуч көрүнүшү табигый.

Бирок, Европа үчүн буга караганда пайдалуураак жол бар. Ал Халифалык мамлекети менен жакшы кошуначылык саясатын жүрүгүзүшү керек. Анткени, анын проблемаларында НАТО жардам бере албайт. НАТО АКШ кызыкчылыктарына гана жардам бере алат. Себеби, Европа биримдиги АКШдан айырмалуу көрүнүштө Халифалык мамлекети менен жакын кошуна болууга мажбур. Мындан тышкары Европа биримдигиндеги мамлекеттердин ичкерисинде инфраструктурасы байланып калган мусулман мигранттар жумушчу күчтүнүн негизин түзүшөт. Бул проблемаларды НАТО чечип бере албайт

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here