КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕГАРАСЫНДА КЕЗЕКТЕГИ АТЫШУУ БОЛДУ

252
0

2014-жылдын 10-июль күнү кыргыз-тажик чегарасында эки мамлекеттин чегара кызматчылары ортосунда кезектеги атышуу болуп өттү. Кабар берилишинче, Баткен областында жогорудагы окуя боюнча шашылыш жыйын болуп өткөн.

Мындан бир аз мурда Баткен областынын губернатору Жениш Разаков 10-июлдан баштап Көкташ-Акташ-Тамдык айланма жолунун курулушу башталышы жана жол курулушун кайрадан башталышы туурасындагы чечим Тажикстан өкмөтү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кабыл алынганы жөнүндө кабар берген болчу.

Бул жолдун курулушу 2014-жылдын 11-январь күнү бир нече адамдын жарадар болушуна алып барган кыргыз-тажик чегарачылары ортосундагы атышуудан кийин токтоп калган болчу.

Кыргызстандын Мамлекеттик чегара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланышуу бөлүмүнүн кабар беришинче, 10-июль күнү тажик чегарачылары “Тамдык” чегара постунда жайгашкан Кыргызстан чегарачыларын миномёт жана гранатомёттор менен аткылаган.

Өз кезегинде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жүз берген окуя боюнча Кыргызстан өкмөтүнө расмий нота жиберди.

Тажикстан ТИМи жиберген нотада айтылышынча: “10-июль күнү жергиликтүү убакыт менен саат 11:30дар чамасында Тажикстан республикасынын Исфара районундагы “Ворух” айылындагы жергиликтүү калк түтүк жаткыруу иштери менен алектенип жаткан убакта “Тамдык” чегара постунда кызмат өтөп жаткан кыргыз чегарачылары келип аларды акаарат кылып, ишти токтотуу токтотууну жана бул жерден кетүүнү талап кылышкан. Жакын арада турган тажик чегарачылары абалды билүү жана кыргыз кесиптештерин тынчтандыруу үчүн келишкен. Буга жооп иретинде кыргыз чегарачылары күтүүсүздөн автоматтан ок атууну баштап жиберишкен. Натыйжада карапайым жарандардан жети адам жана бир тажик чегарачысы жарадар болгон. Бир тажик жараны алган жарааты себептүү окуя болгон жерде көз жумган. Дагы бир айта кете турган нерсе, тажик чегарачылары бир да ок атышпаган”.

Мындан тышкары Ворух анклавында жашаган тажик жарандарынын күбөлүк беришинче, ошол атышууда Тажикстандын эки жараны өлүп, тогуз жаран жарадар болгон. Күбөлөрдүн бири, “эки жарадар өлгөндүгүн” айтып, алардын экөө теӊ карапайым жарандардан болгондугун кошумчалады.

Анын айтымында, анклавдагы кырдаал курч, “жергиликтүү эл чыӊалуу абалында”. Ворухтук башка күбөнүн айтышынча, ошол кезде окуя болгон жерден жогорураакта жайгашкан Хожа Аъла айылындагы жол жаап коюлган. “Эки тарапта теӊ Тажикстан жана Кыргызстан чегарачылары турушат”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here