ПУТИН: БАТЫШКА МОЮН СУНБАЙБЫЗ

253
0

Россия президенти Владимир Путин Украина маселесинде Батыштын басымдарына моюн сунбастыгын билдирди.

Кремлде болуп өткөн парламенттик жыйында 2014-жыл боюнча отчёт берген Путин тышкы жана ички саясат, экономика, саламаттыкты сактоо системасы, улуттук коопсуздук жана билим-берүү сыяктуу тармактар боюнча маалымат берди.

Путин бир саатка жакын убакытка созулган сөзүн Украинадан эгемендүү болгондугун жарыя кылып Россияга байланышкан Крымдан баштады. 2014-жылы Россия үчүн жагымсыз окуялар жүз бергендигин айтып өткөн Путин: “Куддус мусулмандар жана яхудийлер үчүн канчалык ыйык болсо, Крым жана Севастополь биз үчүн ошончолук ыйык”, – деди.

Россия президенти Украинада “аскерий төңкөрүш” ишке ашырылгандыгын баса белгилеп, муну колдоп-кубаттоо мүмкүн эместигин билдирди. Украинанын чыгышында жүз берген окуялар Москванын бул жаатта ээлеген позициясы туура экендигине далил боло тургандыгын айткан Путин Украина жаатында Батыштын басымдарына моюн сунбастыгын баса белгиледи.

Путин Россияга карата киргизилген санкциялар себептүү Батышты сындап, эл аралык укуктук нормалары кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн дизайнга айланышы кабыл алып болбой турган абал экендигин айтты. Путиндин айтымында, Россияга карата киргизилген санкциялардын Крым маселесине тиешеси жок, тескерисинче, бул АКШнын Россияга жообу болуп эсептелет.

Путин: “Россиянын таасирин көзөмөлгө алуу үчүн башка шылтоолорду да табышы мүмкүн эле. Кээ бир Европа мамлекеттери үчүн эгемендүүлүк жана улуттук сыймык унутулган баалуулук болуп эсептелсе да, бирок, Россия үчүн катиъий түрдө зарыл болгон шарттардын бири экендигин айтып өтмөкчүмүн”, – деди.

АКШ бир кездерде Югославияга колдонгон сенарийин Россияга да колдонууну каалап жаткандыгын билдирген Путин АКШнын абадан коргонуу системасынын кеӊейтилиши Россия үчүн эле эмес, АКШнын өзү үчүн да коркунуч туудурушун айтып өттү. Путин Россиянын куралдануу жарышына катышуу ниети жоктугун айтып, кээ бир мамлекеттер Россиянын айланасына темир парда орнотууга аракет кылып жаткандыгын, а бирок, Россия өзүн коргой турган күч-кубатка ээ экендигин баса белгиледи.

Туркистон:

Путин Россиянын башына түшүп келе жатканбалээлерди өзүнүн кызыкчылыгы тарапка буруп алышымүмкүн.

Советтер союзу кулатылышы менен анын саясий элитасы өз ордунда калган эле. Алар алгач Горбачевдинандан кийин Ельциндин башкаруу аппаратында өтөтаасирдүү кубатка ээ болуп келишти. Бул элита өтө күчтүү башкаруу салабатына ээ болушу менен биркатарда, жаңы капиталисттик системасынын башкаруу принциптери менен шайкеш болуп кете алышпады. Алардын башкарууга эскиче жандашууларына Ельцин Путинди алып келүү аркылуу чек койду. Путинжогорудагы саясий чөйрөнү жок кылып жибербеген болсода, алар менен тил бириктирип, мамлекетти кубатуукылуу максатында улутташтыруу операциясынбаштады. Мында Ходорковский, Березовский сыяктуу бир нече олигарх жана капиталисттердин мүлктөрүтартып алынды. Өздөрү ар түрдүү басымдар астындамамлекеттен сүргүн кылынышты.

Батыш Путиндин бул өтө чоӊ катасын алкыш жанаыраазылык менен күтүп алды. Алар Россиядан нефтьжана газ сатып алуу көлөмүн өтө жогорку даражага көтөрүштү. Натыйжада Путин өзүнүн текебердигименен Россияны бүгүнкү абалга алып келди. Абал өтө оор. Путин иштеп чыгаруу механизмин бузуп жиберди. Алэнергетиканы сырьё катары сатуу менен убактылуу пайдаларга жетишүүгө катуу көӊүл буруп, экономиканын негизги өзөгү болгон оор жана жеӊил өнөржайды т.а.иштеп чыгаруу механизмин иштен чыгарып жиберди. Алулутташтыруу саясаты менен бир ууч олигархтардыжаңыча мамлекеттик капиталисттерге айландырыпалды. Алар өз кезегинде, кудум советтер маалындагычиновниктер сыяктуу, ээ болгон мүлктөрүнө өз мүлкүнө кыла турган мамиледе болушпады. Натыйжада Россиянын продукциялары, ал тургай, ички базарларды да чет мамлекеттерден келип жаткан продукцияларгабошотуп бере баштады.

Эми Путиндин жогорудагы каталарынан улам Батыш мамлекеттери АКШ жетекчилиги астында Россияныэкономикалык блокада абалына кептей башташты. Путин Россияны бул абалга алып келген өзү экендигинжашыруу максатында, өжөрдүк менен башка түшүп жаткан балээлердин көлөмүн көбүртүп-жабыртууга аракет кылып жаткандай. Себеби, орус калкынын бүгүнкү жашоо деӊгээлинин жогору экендиги жасалма. Аны төмөндөтүү керек. Ошондуктан, эч ким менен кеӊешпей иш жүргүзө турган Путин элге кайрылууга мажбур болду. Себеби, Батыш Россиянын башына түшүп жаткан абалынан Путиндин режимине каршы албетте пайдаланат. Путин да өз кезегинде орус калкынын башына түшүп бара жаткан абалдарга башка элементтерди айыптуу кылууга аракет кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here