ПАРУБИЙ: УКРАИНАДА 15-20 МИӉ РОССИЯЧЫЛ ЖИКЧИЛ СОГУШКЕРЛЕР БАР

236
0

Киевде өткөрүлгөн брифингде региондогу акыркы кырдаал жөнүндө маалымат берген Украина улуттук коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Андрей Парубий Донецк жана Луганск региондорунда россиячыл 15-20 миӊ жикчил согушкерлер бар экендигин ачыктады. Согушкерлердин жарымы Россиядан келгендигин айткан Парубий Россиянын атайын күчтөрүнө таандык согушкерлер менен бир катарда Чеченстан жана Кавказ өлкөлөрүнөн келген согушкерлер да бар экендигин билдирди.

Парубий региондо жикчил күчтөр тарабынан башкарылып жаткан жергиликтүү калктан турган ыктыярдуу топтор да бар экендигин айтты. Парубийдин билдиришинче, алар көбүнчө карапайым калктан калкан катары пайдаланышууда.

Украина чегарасында Россияга караштуу аскерий вужуд дагы деле бар экендигин билдирген Парубий учурда чегарада 41500 орус аскери жайгаштырылгандыгын жана бул аскерлердин 16 миӊи Россия армиясына таандык экендигин билдирди.

Башка бир тараптан НАТОнун башкы катчысы Андрес Фог Рассмуссен Испаниянын “Elpais” гезитине берген интервьюсунда коргоо түзүмүн реформа кылуу жана куралдуу күчтөрүн модернизация кылуу үчүн НАТО Украинага жардам бере тургандыгын кабарлады. Берилүүчү жардам кандай формада болушу жөнүндө берилген суроого Расмуссен: “Сөз амалий кызматташтык жөнүндө болуп жатат. Мисалы, бул Украинага НАТОнун аскерий машыгууларына катышуу мүмкүнчүлүгүн берет”, – деп жооп берди. НАТОнун башкы катчысынын билдиришинче, НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери үстүбүздөгү айдын аягына белгиленген жыйынында бул маселени талкуулашат.

Европада аскерий вужудун күчөтүү үчүн НАТО тарабынан кабыл алынган токтомдор жөнүндө сөз кылган Расмуссен Россиянын НАТОго карата ээлеген позициясына баа берип: “Учурда Россия бизге душманы катары карап жатат”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here