ОШТУН ЭКС-МЭРИНИН ҮСТҮНӨН КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

313
0

Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдин тушунда Ош шаарынын мэри болуп дайындалган жана Бакиев качып кеткенден кийин да Ош шаарынын мэри бойдон калган Мелис Мырзакматов өткөн жылдын 5-декабрында премьер-министрдин буйругу менен кызматтан алынган болчу.

27-ноябрь күнү Кыргызстандын башкы прокуратурасы экс-мэрди КРнын Кылмыш кодексинин 304-беренси боюнча айыптуу деп тапты. Ош шаардык соту аны камакка алуу туурасында чечим чыгарды. Кабарларда айтылышынча, Мырзакматов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик мыйзамдарды бузууда айыпталууда.

Башкы прокротуранын өкүлү Алманбет Абдрамановдун билдиришинче, Мырзакматов  өткөн жылы эки жолу мыйзамсыз тендер өткөргөндүгү себептүү мамлекеттик бюджет 27 миллион сомдон ашык зыян тарткан.

Алманбет Абдраманов: “Тергөө жыйынтыгында Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевич мэрлик кызматты аркалап турган учурда Кыргыз Республикасынын бир канча мыйзамдарын бузганы аныкталды. Ал Ош шаарындагы көп акча сарпталчу курулушту өзүмбилемдик менен баштаганга буйрук берген. Ошто курулуучу чоң көпүрөнүн техникалык-экономикалык негиздемеси жана долбоору жок эле каражат бөлүнгөн. Иликтөө жыйынтыкталып, 304-берене менен кылмыш иши козголду. Ошол эле күнү шаардык сот аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланды”, – деди.

Улутчулдугу менен таанылган Мелис Мырзакматовдун азыр кайда экендиги белгисиз. Ошондуктан, учурда ага издөө жарыяланган. Анын тарапкерлери болсо бул чечимди “саясий куугунтук”  катары баалап жатышат.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе, Мырзакматов өткөн жылы ээлеген кызматынан алынганга чейин Атамбаев өкмөтү аны үч жыл бою кызматынан алууга бир нече ирет аракет кылып, бирок, колунан келбеген эле. Андан соӊ 2013-жылдын аягында премьер-министрдин буйругу менен кызматынан алынган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here