ЛАВРОВ: ДАГЫ БИР ЖОЛУ ЖЕНЕВА КОНФЕРЕНЦИЯСЫН УЮШТУРУУ ПАЙДАСЫЗ

339
0

Сирия тышкы иштер министри Валид Муаллим эки күндүк сапар менен Россияга келди. Ал Россиянын президенти Владимир Путин жана өзүнүн кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту. Муаллимди Сирия тышкы иштер министринин жардамчысы Файсал ал-Микдад жана Сирия президенти Башар Асаддын кеңешчиси Бьюзи Шаабан коштоп жүрдү.

Ортоктош маалымат жыйынында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ өкмөтү ИШИМге каршы коалиция түзүүдө Сирия өкмөтү менен кызматташпагандыгын сынга алды. Анын пикиринче, АКШнын бул аракети эл аралык мыйзамга тескери келет. О.э. Лавров Москва максатка жетүү үчүн “террорчу” жана “экстремист” күчтөрдөн пайдаланууну макулдабастыгын баса белгиледи.

Лавров орус өкмөтү БУУнун Сирия боюнча өкүлү Стефан Де Мистура сунуштаган “согушту баскычма-баскыч тоӊдуруу” демилгесин колдоп-кубаттай тургандыгын кошумчалады. Лавровдун баса белгилешинче, Сирия маселесин чечүү үчүн дагы жаӊыдан Женева конференциясы уюштурулбайт. Ал Мистуранын “жергиликтүү реформаларды” Халаб шаарынан баштагандыгын алкыштап, “ийгилик мына ушул жолдо экендигине ишенемин” деп кошумчалады.

БУУнун өкүлү Мистура өткөн аптада Дамаскка кылган сапарында “согушту баскычма-баскыч тоӊдуруу” демилгесин көтөрүп чыккан жана муну Халабдан баштоо сунушун киргизген эле. Мистуранын айтымында, эгерде согуш бирер шаарда тоӊдурулса, ошол жерде гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн бардык тоскоолдуктар алып ташталат жана качкындар мекенине кайтарылат.

Россиянын тышкы иштер министри Сириядагы тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдү жаңыдан баштоо үчүн эл аралык жыйындарды уюштуруу пикирин четтеп өтпөдү. Бирок Лавровдун айтымында, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн шарттар түзүлүшү керек. Бул болсо, бир аз убакыт талап кылат.

Муаллим Россияга келишинен мурда Ливанда Хизбуллах партиясынын башкы катчысы Хасан Насрулланын саясий кеңешчиси Хусайн Халил, Хизбуллах депутаты Мухаммад Раъд, финансы министри Хасан Халил, Марада кыймылы партиясынын жетекчиси Сулайман Франжия, билим берүү министри Алиас Абу Саъб жана “Улуттук азаттык кыймылынын” жетекчиси Мишел Авн менен жолугушту.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here