СИСИ РЕЖИМИ ЧЫНЫГЫ ЖҮЗҮН КӨРСӨТТҮ

456
8

Мисирде жума күнү уюштурулган демонстрациялардын алдын алуу үчүн Сисинин полициячылары коркунучтуу кинолордогу сыяктуу склет көрүнүшүндөгү маскалар менен көчөлөргө чыгарылды. Полициячылардын бул абалы мисирдиктер тарабынан “Режим чыныгы жүзүн көрсөттү”, “Хунтанын чыныгы жүзү” деп бааланууда.

Мисирдин борбору Каирде Жума намазынан кийин Сиси башкаруусуна нааразы болгон мусулмандар тарабынан режимге каршы уюштурулган демонстрацияда Мисир коопсуздук күчтөрү жана полициячылар Сисинин бийлигин коргоо үчүн бекем турушту. Демонстрацияны таркатуу үчүн полициячылар тарабынан атылган октон беш адам өлүп, ондогон адамдар оор жараат алышты. Мисирдин ички иштер министрлиги эки жүздөн ашуун демонстрант камакка алынгандыгын жарыя кылды. Камакка алуулар негизинен, мамлекеттин түрдүү шаарларында жети жолу жардыруу ишке ашырылгандан кийин күчөгөн.

Демонстранттар камакка алынгандарды бошотууну, камактардагы кыйноолорду токтотууну жана революция маалында демонстранттардын өлүмүнө себепкер болгондорду сот жообуна тартууну талап кылып чыгышты. Бирок, талаптар аткарылгандын ордуна демонстранттар дагы кайрадан полициячылардын окторуна бута болушту.

Мисирдин ички иштер министрлигинен берилген билдирүүдө демонстрациялардын алдын алуу үчүн бир нече пландар иштеп чыгылганы о.э. бул коркунучтарга каршы олуттуу жана туруктуу көрүнүштө күрөшүү көздөлгөнү айтылган болчу. Билдирүүгө ылайык, нааразылык акциясы башталбай туруп, анын жетекчилерин камакка алуу ушулардын катарынан.

8 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here