Ал-Жазира телеканалы Мисир жана Израиль ортосунда жашыруун түрдө ишке ашырылган энергияга тиешелүү келишимдерди ашкере кылды.
Ал-Жазиранын изилдөө редакциясы Хусни Мубарак заманында кол коюлган жана өткөн жылы аскерий төңкөрүш аркылуу Мисир бийлигин ээлеп алган Ас-Сиси убагында да улантылышы үчүн олуттуу аракет кылынган жашыруун энергия келишимин ашкере кылды. Дүйшөмбү күнү кечинде эфирге узатылган “Мисирдин жоготкон күчү” деген аталыштагы документалдуу филмьде Мисирдин нефть жана жаратылыш газы тармагынын жашыруун сакталып келген жактары ашкере кылынды. Филмьде келтирилишинче, Хусни Мубарак заманында кол коюлган келишимдерге ылайык – Мисир энергия ресурстарына бай өлкө болуп туруп – Израильден нефть жана газ сатып алган.
Колго тийген маалыматтарга ылайык, чоӊ ишкерлер бул жашыруун келишимдер аркылуу кандай пайдаларга ээ болгондугу жана кыска убакыттын ичинде газга бай мамлекетти дал ушул газ жаатында Израилге кандай көзкаранды абалга келтирип койгондугу филмьде ашкере кылынган.
О.э. бул филмьде чет өлкөгө өтө чоӊ өлчөмдө газ экспорт кылуучу Мисир тарабынан кол коюлган келишимдер аркылуу мамлекеттеги энергия секторлору кандай кор кылынгандыгы жана Мисирге тиешелүү болгон запастар кантип Израилдин колуна өтүп кеткендиги да көрсөтүлгөн.
Мисирде жүз берген аскерий төңкөрүштөн кийин Мисирдин Израилден газ сатып алышын улантуу үчүн жаңы өкмөт жүргүзгөн жашыруун аракеттер Тель-Авив булактары тарабынан ачыктап өтүлгөндүгү да ушул филмьден орун алган.
О.э. филмьде Израилдин мурдагы энергетика министри Жозеф Парицкий жаратылыш газына бай болгон Мисир өлкөсүнүн газга муктаждыгы бар экендиги жөнүндө билдирген пикирлери келтирилген.
Парицкий: “Мисирдин газга муктаждыгы бар. Биз ага газ сатып жатабыз, мындан жакшы иш барбы?” – деген.