“РИА Новости” маалымат агенттигинин кабар беришинче, Кытай өкмөтү Шинжан автономиялуу областынын мусулмандарына Рамазан орозосун кармоого тыюу салып койду. Кытайдын расмий өкмөтү региондогу мусулмандарга орозо кармоого тыюу салуу туурасындагы токтомун “улут саламаттыгын коргоодо камкордук кылуу” менен түшүндүрүүдө.
Мамлекетке караштуу радио жана телевидениелер “өкмөттүк кызматкерлерге, мугалимдерге жана жаштарга” Рамазан орозосун кармоого тыюу салынышы туурасында кабар берди.
Расмий өкмөттүн дааба кылышынча, жогорудагы тыюу жарандар тарабынан “жакшы көрүнүштө” кабыл алынган. Анткени, алар күндүн ысыгында чаӊкаган абалда иштөөдөн “азат” болушту.
1949-жылы коммунисттик Кытай өкмөтү Чыгыш Түркистанды басып алып, аны “Цинзьзян” т.а. “Жаӊы жер” деп атаган. Кудайсыз коммунисттер таалимин алган Кытай өкмөтү уйгур мусулмандарды мусулман жана улут катары жок кылуу үчүн ар түрдүү жолдор менен куугунтуктап жана кыргын кылууну улантып келе жатат.
Кытай өкмөтү учурда өлкөнүн түпкү мусулман калкын башка жерлерге көчүрүү жана кытайлык хандарды бул өлкөгө көчүрүп келүү саясатын жүргүзүүдө. Ошону менен бирге баскынчы өкмөт исламий эстеликтер жана исламий көрүнүштөрдү коомдон жок кылууга аракеттенүүдө жана тынымсыз көрүнүштө өлкөнүн табигый байлыктарын ташып кетүүдө.
Өлкө табигый байлыктарга мол болушуна карабастан, өтө көпчүлүк мусулмандар жакырчылыкта турмуш өткөрүшөт. Анын үстүнө, Кытай өкмөтү мусулмандардын көбөйүшүн да чектеп койгон жана натыйжада 25 миллиондук уйгур калкы бүгүнкү күнгө келип 15 миллионго түшүп калды. Мусулман улуту катуу зулум себептүү барган сайын азайып барууда. Мындан тышкары, мусулмандарга исламий илимдерди үйрөнүүгө, жоолук салынууга, сакал коюуга жана ал тургай Куран окууга тыюу салынган.