УКРАИНАДА 250 КИШИ ӨЛДҮ

250
0

Украина президенти Пётр Порошенко аскерий операцияларды токтотуу чечимин узартуу пикиринен кайткандан кийин Украина армиясы менен россиячыл жикчилдер ортосунда катуу согуштар башталып кетти. Украина аскерлери россиячыл күчтөр жайгашкан чыгыштагы региондорго кеӊири көлөмдүү операция баштады.

Украина президенти Порошенко жикчилдер тарабынан тартип бузулгандыгы себептүү 20-июнда жарыя кылынган “ок атууну убактылуу токтотуу токтомун” узартпастыгын, тескерисинче террорго каршы күрөш операцияларын кайрадан баштай тургандыгын билдирди.

Украина президентинин расмий сайтында Порошенконун: “Жерлерибизди тазалайбыз. “Ок атууну токтотуу токтомун” узартпастык менен карапайым жарандарыбызга карата күч колдонгон, мамлекеттин экономикасын кыйроого алып келген, жумушчулар жана пенсионерлерди айлыктарынан куру калтырган, каналдарды жана темир жолдорду талкалаган, мекендештерибиздин тынчтыгын бузган террористтер жана бузукуларга жооп беребиз”, – деген сөздөрү келтирилди.

Украина парламентинин спикери Александр Турчинов тарабынан берилген билдирүүдө болсо, өкмөт россиячыл жикчилдерге каршы “террорго каршы күрөш” операциясын кайрадан баштагандыгы ачыкталды.

“Украина куралдуу күчтөрү террористтердин базаларына жана жашынган жайларына чабуулду баштады”,  – деди Турчинов.

“Union” маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык,  25-артиллериялык отряд Словянск шаарындагы жикчилдердин машыгуу лагерин бомбалаган. Чабуулда россиячыл күчтөрдөн 250 чакты адам өлгөндүгү айтылууда. Крамоторск шаарындагы кагышууда болсо бир автобус эки оттун арасында калып кетишинин натыйжасында карапайым жарандардан 4 адам өлүп, 5 адам жарадар болгон.

Жикчил күчтөр Словянск шаарында ишке ашырган чабуулда чегарачылардын брондуу автомобилин бутага алышты. Ракета менен атылган автомобилде  6 киши жарадар болгону айтылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here