КЫТАЙ ӨКМӨТҮ МУСУЛМАНДАРДЫ КЫРГЫН КЫЛУУНУ УЛАНТУУДА

327
0

Баскынчы Кытай өкмөтү 1949-жылы Чыгыш Түркстанды басып алгандан бери уйгур мусулмандарын мусулман жана улут катары жок кылуу үчүн ар түрдүү жолдор менен куугунтуктап жана кыргын кылып келет.

Кудайсыз коммунисттердин тарбиясын алган Кытай өкмөтү 2009-жылы 5-июлда ишке ашырган массалык кыргындан кийин Үрүмчү шаарын мусулмандардан тазалоо саясатын баштап жиберди. Кытай өкмөтү өлкөнүн түпкү мусулман калкын башка жактарга көчүрүү жана хан кытайларын бул өлкөгө көчүрүп келүү саясатын жүргүзүүдө. Ошону менен бирге, баскынчы өкмөт исламий эстеликтер жана исламий көрүнүштөрдү коомдон жок кылууга аракеттенип, тынымсыз көрүнүштө өлкөнүн кен-байлыктарын ташып кетүүдө.

Өлкөдө кен-байлыктар мол болушуна карабастан, өтө көпчүлүк мусулмандар жакырчылыкта жашашат. Анын үстүнө, Кытай өкмөтү мусулмандардын көбөйүүсүн да чектеп койгон жана натыйжада 25 миллиондук уйгур калкы бүгүнкү күнгө келип 15 миллион болуп калды. Уйгурлар катуу кордук-зулум себептүү күндөн-күнгө азайып бара жатат. Мындан тышкары, мусулмандардын исламий илимдерди үйрөнүшүнө, жоолук салынып, сакал коюшуна, ал тургай Куран окушуна тыюу салынды. 2015-жылдын 1-январынан баштап болсо мамлекеттик ишканалар, мекемелер жана мектептерде намаз окууга тыюу салынат.

Кытай өкмөтү өзүнүн бул кылмыштарын – бүгүнкү күндө дүйнө жүзүн бойлоп мусулмандарды кыргын кылууда аябай пайдалуу болуп жаткан –  “экстремизм жана терроризмге” каршы күрөшүү чүмбөтү астына жашырууга аракет кылып, мусулмандардын баш көтөрүшүнө жол бербестик жана аларды ар дайым коркунуч астында кармап туруу максатында сахналаштырылган “террорчулук” операцияларын уюштуруп келүүдө. О.э. мунун артынан мусулмандарга карата куугунтук жана кысымдарды ого бетер күчөтүп, мусулмандарды узак мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасына, ал тургай, өлүм жазасына өкүм кылууда.

Ошондой соттук иштердин бири кечээ күнү болуп өттү. Бул соттук отурумда үстүбүздөгү жылдын апрель айында Үрүмчүдөгү темир жолду жардырууда жана май айында базарга чабуул уюштургандыкта шектелген 8 мусулман өлүм жазасына өкүм кылынды.

Расмий өкмөт тарабынан Ислам динине жана мусулмандарга каршы жүргүзүлүп жаткан ырайымсыз күрөштөргө карабастан уйгурлардын өз динине ого бетер көбүрөөк жана дагы да күчтүүрөөк амал кылышын бул өкмөт өзүнүн ушул региондогу экономикалык кызыкчылыктарына коркунуч деп билип жатканы анык көрүнүп турат. Ошондуктан да расмий өкмөт өзүнүн жийиркеничтүү күрөшүндө ого бетер жырткычка айланып, ого бетер кутуруп бара жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here