Американын Борбордук разведка башкармалыгы(CIA) ыктыярчылар жана топтордон түзүлгөн жаңы малайларды машыгуудан өткөрүү жана куралдантуу ишинмойнуна алды

333
0

Америкада чыгуучу «Вашингтон Пост» гезитинин кабар беришинче, президент Барак Обама админстрациясы Американын Борбордук разведка башкармалыгына (CIA) сириялык муътадил согушкерлерди куралдантуу жана машыктыруу милдетин тапшыруу максатында жабык сессия өткөргөн.

Америка Борбордук разведка башкармалыгынын куралдуу муътадил оппозицияны колдоп-кубаттоосу аркылуу Сирияда чоӊураак рол ойноону каалап жатат. Американын разведка кызматы учурда 400 чакты сириялык согушкерди машыктырууда жана ал муну көбөйтүү ниетинде. О.э. Американын Коргоо министрлиги муътадил сириялыктарды машыктыруу долбоорун иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатат.

Ошентип, текебердик менен уятсыздарча жана иштердин акыбетин эсепке албастан муътадил сириялык согушкерлерди куралдантуу жана машыктыруу операциясында Борбордук разведка башкармалыгын (CIA)ны шерик кылуу жарыя кылынды. Бул агенттик малайларды жана чыккынчыларды пайда кылууда о.э. кол салууларды ишке ашырууда жаманатты болгону менен белгилүү… Бул нерсе Америка ишенимдүү малайларды пайда кылууга алсыздык кылгандыктан бул милдетти «CIA»га тапшырууга мажбур болгонун көрсөтөт жана ал аркылуу бул топтордун ишенимдүүлүгүн камсыздап алат. Ал эми куралдантууга келсек, бул нерсе кылмышкер режимди кулатуу үчүн эмес, тескерисинче, ал террорго каршы согушуу чүмбөтү астында Исламга каршы согушуу үчүн. Бул согушту мусулмандар өлкөлөрүндөгү карасанатай өкүмдарлар менен кызматташтыкта Америка башкарат. Бул согуштан көздөлгөн максат Үммөттүн долбоорун жок кылуу, Үммөттүн мубарак Шам өлкөсүндө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үмүтүн өчүрүү жана ошол эле убакта мусулмандар ортосунда өз ара согуш отун тутантуу … Бул аркылуу региондо Американын долбоорун ишке ашырууга аракет кыла турган малай согушкер топтор даярдалган болот. Американын бул региондогу долбоору динди турмуштан ажыратуучу демократиялык жарандык мамлекетин пайда кылуу. О.э. бул аркылуу Америка малай топторду куралдантуу үчүн бөлүнгөн куралдар калыс адамдардын колуна түшүп калышынын алдын алмакчы. Себеби, эгерде бул куралдар калыс кишилердин колуна түшүп калса алар муну Американын малайы болгон кылмышкер Башар Асадды кулатуу жана Аллахтын өкүмүн орнотуу жолунда пайдаланышат. Бул кылмышкердин Шам өлкөсүндө мусулмандарга зулум кылып, жерде бузукулук таркатып жана региондо Американын кызыкчылыгын коргоп калышында малай топтордун кызматы өтө чоӊ.

Эй Шам өлкөсүндөгү мусулмандар!

 Ушул ачык баяндан кийин жана пландар ашкере кылынгандан кийин Аллахтан тавфик сурап айтарыбыз, Америка малайларынын жардамында региондо даярдалган аскерий машыгуу лагерлерине барууга ыраазы болуу өтө чоӊ кыянат жана кылмыш болуп эсептелет. Себеби, бул Аллахтын калимасын бийик кылуу үчүн төгүлгөн шейиттер канын сая кетирүү о.э. ушул мубарак козголоӊ жолунда Үммөт берген курмандыктарды сая кетирүү болуп эсептелет.

الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاء مِن دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَيَبْتَغُونَ عِندَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ العِزَّةَ لِلّهِ جَمِيعا

Алар момундарды коюп кафирлерди дос тутушат. Аларошол кафирлердин жанынан күч-кубат издешеби?! (Убара болушат!) Анткени, бардык күч-кубат Аллахка таандык     [4:139]

Ошондуктан, бул ыпылас айла-амалга алданып калуудан этият болгула. Оорунун тамыры болгон Америка менен байлап туруучу аркандарды үзгүлө. Себеби, бул нерсе сезбеген абалыӊарда мойнуӊарга сыйыртмак болуп түшөт. Аллахтын бышык арканын бекем кармагыла, себеби, дүйнө жана акыретте нажат табышыӊар мына ушунда.

هَـذَا بَلاَغٌ لِّلنَّاسِ وَلِيُنذَرُواْ بِهِ وَلِيَعْلَمُواْ أَنَّمَا هُوَ إِلَـهٌ وَاحِدٌ وَلِيَذَّكَّرَ أُوْلُواْ الأَلْبَابِ

“(Куран) адамдар эскертилүүлөрү жана (Аллах) жалгызКудай экендигин билүүлөрү о.э. акыл ээлери эскертмеалуулары үчүн (Аллах тарабынан түшүрүлгөн) бир аяткабар”            [14:52]

Профессор Ахмад Абдулваххаб

Хизбут-Тахрир-Сирия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here