Европа базарында таасирин күчөтүүнү каалаган Кытай өкмөтү Греция порту аркылуу Кытай продукцияларын Европага алып чыгуу максатында иш алып барууда. Ушундай максатта Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян Европанын дарбазасы катары көрүлүүчү Грецияга жумушчу сапар менен барды жана бул жаатта Кытай менен Греция ортосунда жаңы келишимдерге кол коюлду.
Биринчи жолу Грецияга сапар кылып жаткан Кытай премьер-министри Ли Кэцян Греция премьер-министри Антонис Самарас менен жолугушту. Жолугушуунун артынан уюштурулган маалымат жыйынында сүйлөгөн Самарас “Грециялыктар мамлекетибизде кытайлык досубузду коноктогонго кубанычта” деди.
Жолугушуу маалында эл аралык бир нече маселелерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк табылгандыгын айткан Самарас Греция жаңыдан өнүгүп баштагандыгын билдирди.
Греция премьер-министри: “Грециянын финансылык кризиси деп аталган акыркы жылдарда Кытайдын бизге берген жардамдары үчүн мен өзүмдүн атымдан тереӊ ыраазылык билдирдим. Греция ишенимди жаңыдан актоо дооруна жетти. Сенектик доорун артта калтырып базарларга кайтты. Бүгүнкү күнгө келип Греция дүйнөдө жана Европада өзүнө татыктуу болгон орунду ээлөөнү көздөй умтулууда”, – деди.
Самарас жолугушууда эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташтык туурасында да келишүү болгондугун о.э. Кытайдын премьер-министри Грециянын геостратегиялык жагын жогору баалагандыгын да айтып өттү.
Эки министр Грециянын Пирей портунун темир жол тармагына туташуу ырасымына катышышты. Бул темир жолу Европа менен Ыраакы чыгыш ортосундагы борбор милдетин өтөйт. Пирей портуна жеткирилген Кытайдын товарлары Греция темир жолдору аркылуу Европага жеткирилет.
Журналисттер тарабынан берилген суроолорго жооп берген Самарас “Достук, кызматташтык, эки тараптуу алака – бул Кытайды Европага алып чыгуу жана Кытай үчүн дарбаза милдетин өтөө болот” деп баса белгиледи.
Кытайдын премьер-министри Ли болсо кол коюлган келишимдер туурасында кыскача сүйлөп, Кытай мамлекети Грецияга туруктуу капитал жаткырууга даяр экендигине басым жасады.