Бангладештеги төңкөрүштүн акыйкаты

93
0

Бангладештеги төңкөрүштүн акыйкаты

Бангладеште бир нече күндөн бери уланып жаткан толкундоолордон кийин өкмөт башчы Хасина кызматын таштап, өлкөдөн качып кетти. Маалымат каражаттары анын Индияга аскердик учак менен кеткенин жазышты. 5-августта Бангладеш армиясынын башкы командачысы Вакер Уз-Заман Хасинанын кызматтан кеткенин расмий жарыялады. Ал эми, убактылуу өкмөттү Мухаммад Юнус башкара турган болду.

Хасина – Бангладешти Пакистандан бөлүп алууга кызмат кылган Муджибур Рахмандын кызы. Ал Бангладеш өкмөтүн 2009-жылдан бери жетектеп келген. 3-июлда Бангладеште өкмөткө каршы акциялар башталган. Митингчилер менен полициянын кагылышынан 400гө жакын адамдын өмүрү кыйылды. Жүздөгөн кишилер жараат алып, он миңден ашык демонстранттар камалды. Буга өлкөнүн Пакистандан бөлүү согушуна катышкан ардагерлердин жакындарына мамлекеттик кызматтардын 30%ы бөлүнүшү түрткү болгон.

Комментарий:

Умавийлер доорунда Индиянын фатх кылынышы менен бирге Бангладеш Ислам аймагына айланган. 1576-жылга чейин аймак Ислам менен башкарылды. Кийин Британиянын саясий айла-амалдары, анын артынан колониялдык баскынчылыгы себептүү бөлүнүүлөр күчөй баштады. Акыры 1971-жылы “Бангладеш” өлкөсүн пайда кылып, Пакистандан бөлүп алды. Бангладеш калкынын 90 %ы мусулмандар. 8 %ы индустар, калганы насронийлер, буддисттер жана башка дин өкүлдөрүнөн турат. 1971-жылдан бери өлкө 20 аскерий төңкөрүштү башынан өткөргөн. Алгач Британиянын кийин Американын таасиринде калган Бангладеш бийлиги бутпарас индус өкмөтүнө таянып иш алып барат. 76 жаштагы Хасина 2009-жылдан бери өлкөнү терроризмге каршы күрөш шылтоосу менен мусулмандарды зулумдук астында башкарып келген. Америка аймактагы Кытайдын таасири артышынан кооптонуп, Индиянын бийлигин кубаттоого басым жасап келет. Ошондуктан, Хасина режими Индия кызыкчылыгы үчүн порттор куруп, транзиттик жолдорду ачып берди жана коопсуздук тармагында бир катар келишимдерди түздү. Ошентип, Бангладеш бийликтери өлкө Пакистандан бөлүнгөндөн тарта Батыш жана Индия менен кызматташып келди. Мусулмандарга карата зулумдуктар токтободу. Калкынын жакырчылык баткагына батуусуна көз жумушту. Натыйжада 18 миллиондон ашык адам жумушсуз калды. Ал эми, Хасина режиминин Бангладешти бөлүп алууга салым кошкон тар чөйрөгө мамлекеттеги 30% жумушчу орунду берүү чечими калкты кыжырдануусун чегинен чыгарды. Бирок, Бангладеш сыяктуу малай өлкөлөрдө аскерий жетекчилердин ролу маанилүү болуп эсептелет. Ошондуктан, калктын кыжырдануусун басуу үчүн аскерийлер Мухаммад Юнустун убактылуу өкмөттү башкарууга ыраазы болушту. Анткени, ал мындан ондогон жылдар мурун калктын жакыр катмарына ишкерлик үчүн кредит берүү реформалары менен таанылган эле.

Жыйынтыктап айтканда, Бангладештеги кезектеги төңкөрүш бийликтин зулумдугуна каршы калктын үнү болуп калды. Бирок, идеологиялык жетекчилик болбогондуктан, мурдагы режим кайрадан өз бийлигин сактап калууга аракет кылууда. Маселен, Хасинанын уулу Сажиб Вазед убактылуу өкмөт кезектеги шайлоону жарыяласа, апасынын “Авами Лига” партиясы шайлоого катыша турганын билдирди.

Демек, мусулмандар өтмүштөгү окуялардан ибрат алуулары керек. Бир саткындын аркасынан келген кийинки кыянатчылардын үммөттүн убактысын уурдоосуна жол бербөө зарыл. Төңкөрүштө Аллахтын таухид туусун көтөргөн калыс мусулмандар Алланын нусратына, Ислам динин орнотууга аракет кылуулары керек. Бул жолдо молдо Абдулкадырдын позициясын бекем кармануулары лаазым. Бангладештин белгилүү аалымы шейх Абдулкадыр 91 жашында дарга асылуу алдында ушундай деген: “Кылмышым Аллахтан башкага кулдук кылбоо эле. Бизге кулдук кыл дешти. Мен да андан көрө дарга аскыла дедим. Шахиддик өмүрүмдөгү эң жогорку жетишкендик. Менин каным Исламий аракетти бутка тургузат жана заалимдердин өмүрүн кыскартат. Менин шахиддигимди Бангладеште Ислам мамлекетин куруу үчүн колдонгула!”. 

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here