Пайгамбарыбыз (с.а.в.):-“ Дүйнө аялдары үч тайпа болот….Солиха аял – ал заман кыйынчылыгында эрине жардам берет. Аны көргөндө эринин көзү кубанат. Ал эринин аманаттарына бапаадар, эринин гойибин сактай турган аял. Андайларды аз табасыӊар”, – деген.
Бүгүн 12-июнь күнү Ислам калкы дагы бир жоготууга дуушар болду. Хизбут-Тахрирдин активдүү мүчөсү, үч баланын энеси, эринин кубанычы жана кайгыларында шерик, такыбаа, пакиза, абийирдүү сиӊдибиз Махфузахан түбөлүктүү жашоого кетти.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дан: “Кайсы адам фазилаттуураак? ” – деп сурашкан эле, ал зат: Дили таза, тили чынчыл адам, – деп жооп берди. ”Тили чынчылды го билебиз, дили таза адам кандай болот? – деп сурашкан эле, Пайгамбарыбыз: ”Ал бир такыбаа адам болуп, анда бир да кылмыш, бир да зомбулук, бир да көрө албастык жана бир да хасад жок”, – деп жооп берди.
Махфузаханда дал ушундай фазилаттар бар эле. Анын дили ушунчалык таза эле дейсиӊ, жашоо кыйынчылыктары, адамдардагы жаман сапаттар анын дили тазалыгына кыпындай да таасирин тийгизе албады. Айрыкча, эрди-катын чатакташып калганда, аялдарга насаат айтып, ”Эриӊди ыраазы кыла албасаӊ бейишке кире албайсыӊ “ деп дартына дабаа боло алат эле. Жана өзүндө да ушундай сапаттар бар экендигине күмөнүбүз жок. Эки күн мурда телефондо сүйлөшкөнүбүздө: ”Боордоштор менин акыма дуба кылгыла,силерге окшоп дагы кайрадан халкаларга барып сабактарымды улантайын, ошол иштеримди аябай сагындым”, – деген болчу . Хизбдин иштеринде пешкадам, аял киши болсо да убадасына бекем, жаман ишти көрөрү менен ошол замат тескеген, өзүнө насаат кылсаӊ дароо көздөрү жашка толгон дили жумшак аял болчу. Бирер проблемага дуушар болсо, биринчи иши “Эжеке, бул ишим шарият боюнча кандай чечилет” деп ар дайым изденген хизбий аял болчу.
Эй Аллахым, биз алсыз пенделериӊди көрүп турасыӊ, ар дайым Өзүӊдөн жакшылыктарды үмүттөнөбүз. Жакынкы күндөрдө тикеленүүчү Халифалык мамлекетине азбы-көппү биздин да салымыбыз кошулуп калышын насип кылгын. Өкүмүӊдү укканда ”Лаббай Аллахым” деп аракет кылып жаткан муслималар сабында кылгын. Катарыбызда “Махфуза”ларды көбөйткүн. Боордошум жана сиӊдим болгон Махфузаханды “Фирдавс” бейишинде энелерибиз Хадича, Айша…..Фатима (розиаллоху анха)лар менен бирге кылгын, Амиин!
“Албетте, ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылган заттар үчүн Фирдавс бактары мекен болот. Алар ал жайларда түбөлүк калышат да, (башка эч бир жайга) көчүүнү каалашпайт”. (18:107,108)
Бардык хамду-саналар бүт ааламдар Роббиси Аллахка таандык.
Умму Анис.