HUMAN RIGHTS WATCHДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫ ӨЗБЕКСТАНДЫН ПАХТА ТАРМАГЫН ФИНАНСЫЛООДОН БАШ ТАРТУУГА ЧАКЫРДЫ

321
0

Адам укуктарын коргоочу эл аралыкHuman Rights Watch уюму Дүйнөлүк Банкты жаш балдардын жана чоӊ адамдардын мажбурий эмгегинен кеӊири көлөмдө пайдаланылуучу Өзбекстандын пахта тармагын шыктандыруучу долбоорлорун финансылоону токтотууга чакырды.

Дүйнөлүк Банктын башкаруу кеңеши 10-июнь күнү Өзбекстандын айыл чарбасын финансылоо үчүн, айрыкча ирригация тармагында ишке ашырылышы көздөлгөн долбоорлор үчүн 260 миллион доллар акча бөлүү маселесин көрүп чыкты.

“Дүйнөлүк Банк Өзбекстандагы финансылоо тармагынын өнүгүшүндө өтө маанилүү ролду ойнойт, бирок, бул банк мажбурий эмгектен пайдалануучу түзүмдү колдоп-кубаттабашы керек. Мейли, банк мажбурий эмгекти жоюу боюнча бир катар чараларды көтөрүп чыккан болсо да, а бирок, өзбек бийлиги жогорудагы түзүмдү реформа кылуу үчүн сезиле турган кадамдарды таштабаган соӊ бул чараларды ишке ашыруу мүмкүн эмес”, – деди Human Rights Watch уюмунун эл аралык финансылык уюмдар менен иштөө бөлүмүнүн кызматчысы Жессика Эванс.

Human Rights Watch уюмунун баса белгилешинче, Өзбекстан бийлиги 2013-жылдагы пахта терими маалында коркутуу менен  о.э. начар шартта жаш балдар жана чоӊ адамдардан турган 1 миллиондон ашык адамдын мажбурий эмгегинен пайдаланган.

Мындан бир аз мурда, Өзбекстан пахтачылыгындагы мажбурий эмгекти жоюуну максат кылган ондогон эл аралык укук коргоочу уюмдарды бириктирүүчү Cotton Campaign коалициясы да кудум ушундай билдирүү менен чыккан болчу.

 Туркистон:

Колонизатор мамлекеттер тарабынан, айрыкча АКШ тарабынан башка мамлекеттерди экономикалык колония кылуу үчүн түзүлгөн Дүйнөлүк Банк, Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы жана башка финансылык уюмдар тарабынан каражаттар жана карыздар жеӊил өнөржай, айыл чарбасы жана маданият сыяктуу тармактарга гана бөлүнөт. Бул тармактарга канча каражат бөлүнүшүнө карабастан, жумшалган акча “кумга сиӊген суудай” жок болуп кете берет жана өзүн-өзү каптабайт о.э. колонизаторлор назарында “үчүнчү дүйнө” деп этибар кылынуучу мамлекеттерди карыз баткагына батырып бара берет. Жогорудагы уюмдар эч качан оор өнөржайды өнүктүрүү үчүн каражат бөлүп беришпейт жана “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерине бул тармакты өнүктүрүүгө жол беришпейт.

 Мейли, Human Rights Watch жана Cotton Campaign сыяктуу уюмдар Өзбекстанда пахта өстүрүүдө жаш балдар жана чоӊ адамдардын мажбурий эмгегинен пайдаланылышы туурасында жар салып өзбек пахтасына бойкот жарыялоого чакырышса да, а бирок, өзбек пахтасынын негизги кардары болгон Бангладеш бул ызы-чууга көӊүл буруп да койгон жок. Өзбекстанда өстүрүлгөн пахта буласынын 65 пайызын мына ошол мамлекет сатып алып кайрадан иштетип чыгарат. АКШ компаниялары бул мамлекеттеги жеңил өнөржайдын негизги бөлүгүн түзөт. Өзбекстан бир жылда калкынын саламаттыгы жана өмүрү акысына өстүргөн пахтадан бир миллиард доллар пайда көрө турган болсо, аны сырьё базасына айландырып алган АКШ компаниялары андан бир нече эсе көбүрөөк пайда көрөт. Ошол себептен улам пахта өстүрүүдө өзбек бийлиги кимден кандай пайдалангандыгы ага кызыксыз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here