КЫРГЫЗСТАН ӨКМӨТҮ ЖАҢЫ МЕКТЕП ФОРМАСЫН КИРГИЗДИ

352
0

Кыргызстан республикасында да башка капиталисттик түзүмдү колдонуучу светтик мамлекеттер сыяктуу эле окуучулар үчүн бирдиктүү мектеп формасын киргизүү маселеси негизги проблемалардын бири болуп эсептелет.

Анткени, 5 миллиондон ашыгыраак калкы бар Кыргызстандын көпчүлүгү Ислам динин карманат. Ошол себептен улам көптөгөн мектеп окуучуларынын ата-энелери балдарынын, айрыкча окуучу кыздарынын мектепке Исламий баалуулуктарга ылайык кийинип, мектепке жоолук оронуп барышын каалашат.

Республикада бирдиктүү мектеп формасы киргизилбегени ар түрдүү проблемаларга себеп  болуп жаткан. Т.а. мектеп директорлорунун аймактарда окуучу кыздарга жоолук салынууга уруксат бериши же тыюу салышы элдин арасында ар түрдүү нааразылыктарга себеп болуп жаткан эле.

Жогорудагы проблеманы чечүү үчүн Кыргызстан өкмөтү 2014-жаңы окуу жылынан баштап мектеп окуучулары үчүн жаңы мектеп формасын киргизүү токтомун тастыктады. Өкмөттүн эсеп-китеби боюнча жаңы мектеп формасы ата-энелерге 1 700 сомго түшөт.

А бирок, проблема жаңы мектеп формасын киргизүү менен чечилип калабы? Албетте жок!

Мурдагы Советтер союзуөз перзенттерине коммунисттик сакафатты сиӊдирди. Өзүнүн сакафатынакапиталисттик же Исламий сакафаттан бир тамчы да киргизбөөгөаракет кылды. Бүгүнкү күндө болсо Батыш перзенттерин динди турмуштан ажыратуунун үстүнө курулган капиталисттик сакафат негизинде тарбиялап, жашоо образын да ошол негизде калыптандырып, акыйдасы жана сакафатына Исламий сакафаттан бир тамчы да кошулуп калбасын үчүн согуштарды уюштурду.

Батыш таасир чөйрөсүн кеӊейтүү үчүн жана колония кылып алган Исламий өлкөлөрдө мусулмандардын балдары Ислам дининин негиздеринен кабардар болуп калбасын үчүн бул өлкөлөрдүн бардык тармактарына аралашканы сыяктуу эле билим берүү тармагынын да майда-чүйдөсүнө чейин аралашты.

Мусулмандардын балдарына өздөрүнүн дүйнө карашынан келип чыккан сакафатты сиңдирүүгө, ал тургай эч кандай муктаждык болбогон абалда жигит-кыздардын аралаш билим алышын киргизип, мусулман жаштардын көӊүл каалоолорун да өзгөртүүгө катуу умтулду.

Мунун натыйжасында болсо жигиттерден намыстуулук, кыздардан болсо ар-намыс, абийирдүүлүк көтөрүлүп кетти. Бүгүнкү күндө капиталисттик негизде билим берилип  жаткан бардык билим берүү мекемелеринде (бала бакчадан тышкары) жаштардын арасында бузукчулук, турмушка чыкпаган окуучу кыздар арасында боюна бүтүп калуу абалдары көбөйүп бара жатканы да мына ушул аралаш билим берүүнүн натыйжаларынан болуп эсептелет.

Мындан тышкары, бардык иштерин жалаӊ гана материалдык кызыкчылык үстүнө кура турган жана билим берүүдө да ушул жакты үстөм коё турган Батыш сакафаты натыйжасында ата менен баланын, ага менен ининин ортосундагы жакындык көтөрүлүп кетти. Бүгүнкү күндө жетимканалар менен карыялар үйлөрү жакындары таштап кеткен жаш балдар менен карыяларга толуп кетти. Булардын бардыгы ушул дүйнөнүн өзүндө гана жакшы жашап калуу түшүнүгү негизинде калыптандырылган билим берүү программасынын натыйжасы болуп эсептелет.

Жогорудагы проблемалардан кутулуу үчүн Батыш сакафаты менен сугарылган аралаш билим берүү программасынан бүтүндөй баш тартуу, Аллахтын ыраазылыгын ата-эненин ыраазылыгы менен байланыштыруучу, тууганчылык байланыштарын үзүүнү Аллахтын рахматынан куру калууга алып баруучу күнөө, даюстук (жакындарын кызганбастык) Аллахтын бейишинен куру калтыруучу иш катары баалануучу Исламий таалим-тарбия негизине кайтуу аркылуу ишке ашат.

Бул болсо, оболу өзүбүздүн дүйнө карашыбызды оӊдоону, андан кийин эмне үчүн балдарыбыздан Ал Бухарий, ибн Сина, Берунийлер келип чакпастан, тескерисинче, лезбиянка жана гейлер келип чыга баштаганы, эмне үчүн бул сыяктуу элементтер агымындагы балдарыбыз уялбастан өздөрүн коомго жарыя кыла баштаганы, эртеӊки күнү менин балам да ушулардан таасирленип, өзүнүн жынысынан болгон адамга турмушка чыгууну жарыя кылып калса эмне кыламын деп ойлонушубуз керектигине алып барат. Бул пикирлөө бизге жогорудагы проблемаларда билим берүү саясатынын  салмактуу үлүшү бар экендигин түшүндүрөт.

Мына ошондо гана өсүп келе жаткан жаш муун иштерин материалдык кызыкчылык негизине эмес, тескерисинче сооп жана күнөө негизине курат о.э. өзү ээ болгон илим-билимди коомчулук үчүн пайдаланууга үйрөнөт. Мунун натыйжасында болсо коомдо бейпилдик, өз ара ынтымак-ырашкердик кайрадан калыптанат, инша Аллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here