СИРИЯ УЛУТТУК КОАЛИЦИЯСЫ ӨЗҮНӨ ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ШАЙЛАДЫ

262
0

Сирия улуттук коалициясы Стамбулда өткөрүлгөн жыйында Саудия Арабиясынын бийлигине жакын адамдардан болуп эсептелген Холид Бахраны жаңы жетекчи кылып шайлады. Кызматынан бошотулган Ахмад Жарбанын ордуна Холид Бахра 62% добуш менен коалиция жетекчиси болуп шайланды.

Америкада билим алган жана көптөгөн жылдар Саудияда жашаган Холид Бахра улуттук коалициянын мурдагы жетекчиси Ахмад Жарбага жакын адам экендиги айтылууда. Стамбулда өткөрүлгөн жалпы жыйында Бахра Сириядагы ынкылаптык күчтөрдүн улуттук коалициясынын жетекчилигине Жарбанын колдоосу менен шайланды.

Сирияда Асад режимине каршы жүрүп ички согушту токтотуу максатында Женевада өткөрүлгөн, а бирок, күтүлгөн натыйжаны бербеген жолугушууларда Холид Бахра коалиция өкүлдөрүнүн башчысы болуп барган эле.

Сирия улуттук колициясы жоготууларды азайтуу максатында жаңы стратегия белгилөө үчүн жолугушууларды улантууда. Азат Сирия армиясынын командачысы Абдуллах Башир Батыш мамлекеттеринен жардам күтүп жаткандыгын билдирди.

Обама өкмөтү Сирия оппозициясын аскердик машыгуудан өткөрүү жана зарыл болгон жабдыктар менен камсыздоо үчүн өткөн июнь айында конгресстен 500 миллион доллар талап кылган болчу.

Бул жардамдар оппозициянын көзөмөлү астындагы аймактарда туруктуулукту сактоо жана террорго (Исламга) каршы туруу үчүн колдонулушу көздөлгөн. Ошол эле убакта АКШ өкмөтү бул жардамдар демократиялык көз караштагы илманий оппозицияга гана бериле тургандыгын баса белгилеп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here