Казакстанда да НАТОнун офиси ачылды

225
0

Америка Кошмо Штаттары 13-жылдан ашык убакыт Афганистанда жүргүзгөн баскынчылык согушунан кийин эч кандай натыйжага жетишпегендигине карабастан ал жерден негизги кошуундарын алып чыгып кетүүгө мажбур болду. Бирок, Афганистандан чыгып кетип жаткан болсо да, бирок Борбор Азия үстүнөн орноткон таасиринен баш тартуу ниети жок. АКШ ушундай максатта, алгач Ташкентте НАТОнун расмий өкүлчүлүгүн ачты. 2014-жылдын 16-май күнү болуп өткөн ачылыш ырасымына НАТОнун Борбор Азия жана Кавказ боюнча атайын өкүлү Жеймс Аппатурай катышкан эле.

Ачылыш ырасымынан кийин массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушкан Аппатурай Өзбекстан менен боло турган алакаларга токтолуп: “Биз Өзбекстан менен кызматташтыктын негизги багыттарын келишип алдык. Негизги багыттардын бири аскерий тармактагы реформалар. Кызматташтыктын дагы бир багыты терроризмге каршы күрөшүү болуп, биз бул маселе боюнча өзбекстандык шериктерибиз менен бир катар иш-чараларды ишке ашырууну пландаштырдык. Жакында бир топ өзбекстандык аскерлер НАТО программасы боюнча тажрыйбасын жогорулатып келишти”, – деген эле. Түпкүлүгүндө болсо, расмий өкүлчүлүктүн ачылышы Афганистандагы НАТОнун аскерий техникаларын Өзбекстанга жайгаштыруу үчүн олуттуу кадам болду.

АКШ Борбор Азияда өз ордун дагы да бекемдөө максатында 5-январь күнү Казакстандын борбору Астана шаарында мамлекеттин НАТО менен алакалары борборун ачты. Мындан бир аз мурда, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Эстониянын Астанадагы элчилиги 2015-жылдын январь айынан баштап Казакстан жана НАТО алакалары борбору катары иштей тургандыгын жарыя кылган эле.

Казакстан Тышкы иштер министрлиги жарыя кылышынча, ушул борбордун негизги максаты, Казакстанды НАТОнун милдеттери жана ишмердүүлүгү менен тааныштыруу о.э. бул өлкөнүн НАТО менен алакаларын күчөтүү жана кеӊейтүүдөн турат.

2013-жылдын май айында Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев НАТО кошуундарын Афганистандан алып чыгып кетиши үчүн Актаудагы НАТО транзиттик борборун аскерий база катары бошотуп берүүгө даяр экендигин билдирген эле.

Мындан тышкары, АКШ Каспий деӊизине кирип барууга аракет кылууда. Себеби расмий кабарларга ылайык, Каспий нефтисинин 55% Казакстанга тиешелүү. Нефтиге бай бул аймакты колдон чыгарбоо үчүн АКШ Казакстанга аскерий деӊиз флотун түзүүгө жакындан жардам берип келүүдө.

2009-жылга чейин АКШ Казакстанга кичинекей 15 даана “Аэробот”, 3 даана “САФЕ Боац Интернационал” жана десанттык кошуундарга болжолдонгон орточо көлөмдөгү 4 даана катерди сунуштады. Мындан тышкары, Казакстан НАТОнун тынчтык жана кызматташтык программасы аркылуу Түркия жана Германиядан патрулдук кызматтар үчүн катерлерди алып, Испаниядан болсо Каспий деӊизин абадан күзөтүү үчүн самолётторду алды. Экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу максатында Түштүк Корея Казакстанга өзүнүн орточо көлөмдөгү коргоочу 3 кемесин сунуштады.

АКШ Борбор Азияда таасирге жана өз ордуна ээ болгон эки республика менен т.а. Өзбекстан жана Казакстан менен кызматташууну жолго коюу аркылуу Борбор Азияда өз таасирин кеӊейтип алмакчы.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here