Россия банктары кризистен кутулуунун чарасын издеп жатышат

256
0

Эл аралык санкциялардын киргизилиши жана дүйнөлүк базарда нефть баасынын түшүп кетиши себептүү оор абалга кептелип калган Россия 2015-жылы күтүлүп жаткан сенетик жүз беришинен мурда мамлекеттик банктарды Исламий банк тармагына буруу үчүн даярдык көрүп жатканы айтылууда.

“РИА Новости” агенттигинин кабар беришинче, Россиянын “Внешэкономбанк” мамлекеттик өнүктүрүү банкы алгачкы баалуу кагаздарын кандай сатуу маселесинде Жакынкы Чыгыш банктарынан кеӊеш алат.

Дубайдагы соода кеңешинин төрагасы Игорь Егоров билдирүү берип, банктар Исламий багыт түзүмүн үйрөнүп чыгып жатышканын билдирди.

“Банктар жана уюмдар бул тармакты үйрөнүп чыгып базарга кандай кирип баруу мүмкүн экендигин аныктоого аракет кылып жатышат. Бул алар үчүн айрыкча 1-2 жылдын ичинде өтө маанилүү. Анткени, санкциялардын бардык таасирин азырынча көрө элекпиз”, – деди кеңештин төрагасы.

Соода кеңешинин билдиришинче, рублдин куну түшүп кетиши орус компаниялары менен банктарынынын Исламий банк тармагын көздөй багыт алышына түрткү болгон. Россия банктарынынын альтернативалык системаны издеши АКШ башчылыгында киргизилген санкция Газпромбанк жана ВТБ банк ачык акционердик коому сыяктуу уюмдарды кандай абалга кептеп койгондугун көрсөтүп турат. Саясат таануучулар банктар жана финансы системасы туруктуу тура алышы үчүн “Кредитти кепилдөө агенттиги” банктардан үлүш алышын камсыздоочу мыйзам чыгарышты.

Борбордук банктын жетекчиси Элвира Набиуллина 26-ноябрда берген билдирүүсүндө Россия үчүн Исламий банк тармагына тиешелүү тартип-эрежени киргизүү жөнүндө ойлонулуп жаткандыгын билдирген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here