ЭЙ САРАЙ УЛАМАЛАРЫ, КАЧАНКЫГА ЧЕЙИН АЛЛАХТЫН ДИНИНЕ КАРШЫ БАРУУГА БАТЫНАСЫӉАР?

377
0

  Өзүнүн негизги милдети диктатор Каримов режимин колдоп-кубаттоо болгон о.э. ыраазылыкты Аллахтан эмес, тескерисинче, Каримовдун алдынан издеп жаткан Өзбекстанмусулмандар диний мекемеси дагы бир жолу Аллахтын динине каршы барууга батынды.

Диний мекеме расмий сайтында 26-декабрь күнү жарыялаган жана ошол күндөгү көпчүлүк Жомъе мечиттерде имамдар аркылуу мусулмандарга окуп берилген фатва аркылуу мусулмандарга “жаңы жылды тосуп алуу жана майрамдоону” адал кылып берди.

Узундан-узун фатванын текстинде жалпысынан: “Бирок,калкыбыздын арасында “Жаңы жылды т.а. 1-январь күнүн күтүп алуу, майрамдоо, бири-бирин куттуктоо мусулманчылыкка туура келбейт, ал христиандардын майрамы деген сыяктуу сөздөрдү айтып жүрүүчүлөр да бар. Биз ушул сыяктуу кимселерге дагы бир жолу экскертип коёрубуз, 1-январь христиандардын майрамы эмес, тескерисинче, шамсий-миладий эсеп менен жыл эсебин жүргүзүүчү калктардын баары үчүн жылдын башталышы катары тосуп алына турган күн. Эгерде “РОЖДЕСТВО” сыяктуу христиандар майрамы болсо, мусулмандар үчүн ал күндү майрамдоо жаиз болбойт эле. Акыйкатта болсо, христиандардын “Роджество” күнү 25-декабрь же 7-январга туура келет. 1-январды болсо бардык дүйнө элдеринин катарында биз да жылдын жаңыланышы катары күтүп алабыз жана бир жыл ичинде жетишкен утуш жана кемчиликтерибизге саресеп салып алабыз. Биз жаңы жылды мусулманча эътикад менен күтүп алабыз. Башкалардай болуп шариятка тескери абалдарда күтүп албайбыз. Ал тургай, динибиздин көрсөтмөсү боюнча ар бир күндү тосуп алуудамына ушул жарык күнгө саламат жеткиргениӊе шүгүр деп Аллах Таалага хамду саналарды айтышыбыз керек”, – деп айтылган.

Диний мекеме өз сөздөрүн кубаттоо үчүн “Баянун линнос” деген китепте бул тууралуу мусулмандар үчүн бир кыйла кеӊдик бар экендиги айтылган. Далил катары “Рум” сүрөсүнүн 1-5 аяттары жана хадистерден келтирилип, эки айттан башка маанилүү окуя жүз берген даталарды майрамдоо жана майрамдарды диний о.э. дүйнөлүк себептерге байланыштуу белгилөө дурус экендиги айтылганын” далил катары келтирип өттү.

Фатванын аягында “Арийне, жаңы миладий-шамсий жылды диний майрам катары эмес, жылдын жаңыланышы, өмүрүбүзгө өмүр кошулушу, эски жылда кылууга жетишпеген жакшы иштерибизди жаңы жылда аткаруу үчүн жакшы ниеттер менен күтүп алышыбыз аклий жана шаръий жактан жаиз экендиги” айтып өтүлгөн.

Алды менен “жаңы жыл” майрамынын пайда болуу тарыхына токтоло турган болсок болсок, Рим папасы Григорий он үчүнчү 1582-жылы жаңы календарь киргизүү туурасында мыйзам иштеп чыккан. Ошол календарга ылайык, 1-январь жаңы жылдын биринчи күнү катары кабыл алынган. Бүгүнкү күндө биз колдонуп жаткан календарь “Григорян календары” болуп, анын башталышы Иса алайхиссалам төрөлгөн  жылдан башталган. Орус императору Пётр биринчи болсо 1699-жылдан баштап жаңы жылды майрам деп жарыя кылды жана аны мыйзамдаштырды. Мына ошол жылдан баштап жаңы жыл Россияда кеӊири белгилене баштады.

Диний мекеме өз фатвасына далил катары келтирген “Рум” сүрөсүнүн 1-5-аяттарында Аллах Таала:

“Алиф, Лам, Мим.Өтө жакын жерде Рум жеӊилди. ( Бирок)алар (т.а. румдуктар) бул жеӊилүүдөн кийин бир нече жыл ичинде албетте жеӊишке жетишишет. Мурунку жана кийинки бардык иш Аллахтын (алдында). Ошол күндө момундар Аллах (румдуктарды) үстөм кылганы себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишини үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым Ээси”,  

 деп кушкабар берген. Бардык Ислам уламаларынын назарында бул аяттар гойиб-келечек туурасындагы бул акыйкат кабарды бергендиги пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва саллам Аллахтын пайгамбары экендигине, Куран болсо Аллахтын китеби экендигине далил болот, булар таптакыр башка дин жана улут өкүлдөрүнүн майрамдарында шерик болуу туурасында эмес.

Ислам уламалары башка дин жана улут өкүлдөрүнүн майрамдарын белгилемек тургай, аларды куттуктоону да арам деп эсептешкен.

Ханафий мазхабынын белгилүү уламаларынан болгон Мулла Али Кары рахимахуллох “Фикхул-акбар” китебине жазган шархтарында “Динден чыгара турган сөздөр жана аракеттер” бөлүмүндө: “Ал-Хулоса”да келгендей, кимде-ким нооруз күнү мажусийге жумуртка белек кылса, кафир болот. Себеби, бул иш мушриктин куфру жана бузукулугуна жардам берүү же белек берүү менен аларга өзүн окшотуу болуп эсептелет. Мындан “нооруз күнү мусулманга бирер нерсе белек кылса кафир болбойт” деген тыянак келип чыгат. А бирок, мында да пикир бар. Себеби, окшоштук бар. Бирок, бул иш атайылап эмес, кокустан нооруз күнүнө туура келип калса, зыяны жок. Кимде-ким нооруз күнү кафирлер (майрам үчүн) чогула турган жерге чыкса, кафир болот. Себеби, бул куфрду жарыя кылуу”, –деп келген.

Аллама Мухаммад ибн Солих ал-Усаймин рахимахуллохтон  жаңы жыл майрамы менен куттуктоо жана бул майрамда катышуунун өкүмү туурасында суралган эле. Ал киши бул суроого жооп берип, жалпысынан мындай деген: “Кафирлерди жаңы жыл майрамы менен же башка диний майрамдары менен куттуктоо ихтилафсыз арам. Ибнул-Каййим рахимахуллох “Ахкому ахлиз-зимма” китебинде айтат: “Кафирликке таандык болгон майрамдарды куттуктоо ихтилафсыз арам. Мисалы, алардын майрамдары, орозолору менен куттуктап, “майрамыӊыз мубарак” деп айтуу же башка бир көрүнүштө куттуктоо – эгерде ошол сөздү айтуучу адам кафирликтен кутулуп калса да – арам иштерден. Бул ошол кафирдин крестке сажда кылышын куттуктоо менен барабар”.

Пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллаху алайхи ва саллам Мадина шаарына хижрат кылып келгенде мадиналыктардын эки майрамы бар эле. Расулуллах соллаллаху алайхи ва саллам: “Бул кандай күндөр? – деп сурады. Мадиналыктар: “Биз жихилият маалында бул күндөрдө майрамдайт элек”, –  дешти. Расулуллах “Аллах таала силер үчүн бул эки күндү Курман айт жана Орозо айт майрамдарына алмаштырды”, – деди. (Абу Давуд: “Сунан”)

Имам Бухарий жана имам Муслим риваят кылган хадисте, пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллаху алайхи ва саллам: “Ар бир элдин өз майрамы бар. Бул күн – биздин майрамыбыз”, – деген.

Мындан төмөнкүдөй тыянак чыгат, жаңы жыл майрамы да мусулмандардын майрамы эмес. Тескерисинче, ал “Аллахтын уулу бар” деп ширк эътикадда болгон насронийлер майрамы болуп, аны белгилөө, анда катышуу мусулмандар үчүн арам.

Кала берсе, Расулуллах соллаллаху алайхи ва саллам: “Ким өзүн бир элге окшотсо, демек, ал алардан”, – деген.

Эй, сарай уламалары! Мүмкүнчүлүк барында Аллахка тообо кылып, Анын акыйкат жолуна кайткыла. Өзүӊөр адашканыңар жетишпегендей, башкаларды да адашууга жетелебегиле. Качанкыга чейин бул дүйнөнүн арзыбаган матасына Акыретти алмаштырууга ыраазы болуп жашайсыӊар?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here