ЖЕҢИЛ БОЛБОСТУГУ АНЫК

282
0

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 17-декабрь күнү “Российская газета”га берген интервьюсунда: “Мен Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан кийин, алгачкы кездерде бизди кыйынчылыктар күтүп турганы жөнүндө айтып өтүшүм керек”, – деди.

Анын айтымында, маанилүүсү, интеграция процесстери республиканын экономикалык өнүгүү көрүнүшүнүн төмөндөшүнө жол бербестиктен турат.

Атамбаев: “Өтүп бара жаткан жыл оор болгонуна карабастан, бизде туруктуу өсүүнүн көрүнүштөрү бар. Калган мүчө мамлекеттер менен теӊ укукка ээ болушубуз үчүн бүгүнкү күндө башыбызды бийик көтөргөн абалда биримдикке мүчө болушубуз керек. Мамлекет үчүн мындан башка чара жок”, – деди.

Президенттин билдиришинче, интеграция үчүн шартар жакшы. Ал: “Биз Бажы биримдигине мүчө мамлекеттер тарабынан олуттуу жардам алдык. Россия менен кызматташтыкта уставдык капиталы 500 миллион доллар болгон кыргыз-орус Өнүктүрүү фондун түздүк. Мындан тышкары, Россия тарап фондго Кыргызстан өкмөтүнүн кепилдигисиз 500 миллион доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген заём тартуу милдетин мойнуна алды. Алгачкы 100 миллион доллар ушул жылдын 31-декабрына чейин фондго келип түшөт”, – деди.

 Туркистон:

 Путин тандоо мүмкүнчүлүгүн бербеген абалда Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болушу үчүн Алмазбек Атамбаевге ачыктан-ачык эле басым өткөрүп келе жатат.

  Мейли, Бажы биримдигине мүчө болуунун терс таасирлерине караганда пайдалуу жактары көбүрөөк деп карапайым калкты ишендирүүгө аракет кылып жатышкан болсо да,  Кыргызстан өкмөтү өз мамлекетин чөгүп бара жаткан кемеге алып кирип жатканын түшүнбөй жатат, же муну билип турса да өз бийлигин сактап калуудан башка проблемасы жок экендигин ачыктап коюуда.   

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here