Мисирдеги президенттик шайлоодо 96%дан ашык добушка ээ болгон Абдулфаттах Ас-Сиси ант ичүү менен Мисир президенттиги кызматына киришип жатып, мамлекетте терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү өзүнүн негизги милдети экендигин билдирди.
“Биринчи аткара турган ишибиз терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү жана коопсуздукту камсыздоо”, – деди Мисирдин жаңы президенти.
Ас-Сиси – анын сөзү менен айтканда – Мисир калкына каршы кылмыш кылган жана күч колдонгон адамдардан тышкары бардыгынын президенти экендигин айтты. Мисир калкына каршы кылмыш кылуу жана күч колдонууда айыпталган “Мусулман агайындар” жамааты менен жана аскерий төӊкөрүшкө каршы “Рабиа” кыймылын түзгөндөр менен таптакыр келишүүгө болбостугун билдирди.
“Келечекти көздөй туура жолдо кадам таштап жатканыбыздан кийин, жолубузга тоскоолдук кылгандарга жана алсыз бир мамлекетти арзуу кылгандарга мүмкүнчүлүк бербейбиз. Бул жолдо бейкүнөө адамдардын канын төккөн кимселерге орун жок. Мекенине каршы кылмыш кылган жана күч колдонгондордон тышкары бардык мекендештер менен бирге аракет кылууга даярбыз”, – деди ал мамлекетте ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Мусулман агайындар” жамаатына ишара кылып.
“Мусулман агайындар” жамааты болсо, аскерий төӊкөрүшкө каршы аракеттерин тынч жолдор менен уланта бере тургандыгын билдирди.
“Мусулман агайындар” жамааты тарабынан чыгарылган билдирүүдө: “Мисир калкы өз сыймыгы жана эгемендүүлүгү үчүн тынч демонстрацияларды өткөрүүнү уланта берет. Миӊдеген адамдар шейит кылынган жана камакка алынган Мисир өлкөсүндө элдиөлүм жана камактар менен коркута албайт”, – деп айтылат.