КЫРГЫЗСТАН НАМАНГАН КАНАЛЫН УБАКТЫЛУУ ЖАБА ТУРГАНДЫГЫН БИЛДИРДИ

341
0

Кыргызстан өкмөтү Наманган каналындагы сууну убактылуу токтотушу мүмкүн экендигинен эскертүүдө.

Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын премьер-министринин орунбасары Абдырахман Маматалиев каналдын башындагы гидротехникалык курулуш эскиргендиги себептүү аны оӊдоо үчүн суунун агымы убактылуу токтолушу мүмкүн экендигин айтты.

Жогорудагы канал өткөн кылымдын 70-жылдарында курулган жана  жалпы узундугу 135 километр. Канал Кыргызстандагы Нарын дарыясынан башталат жана Өзбекстандагы Сырдарыяга уланат. Кыргызстан өкмөтүнүн билдиришинче, Наманган каналынан секундасына 35 куб метр суу агып өтөт. Анын 30 куб метри Өзбекстанга берилет. Түпкүлүгүндө каналга секундасына 62 куб метр суу батат.

Наманган каналынан Фергана өрөөнүнүн калкы калыӊ жайгашкан бөлүгүндөгү 50 миӊ гектар майдан сугарылат. Бул канал Фергана өрөөнүнүн Өзбекстан бөлүгүндөгү айыл чарба секторун суу менен камсыздоочу негизги булак болуп эсептелет.
 Туркистон:

Боордош эки элдин ортосуна чагым салуу үчүн колонизатор мамлекеттер газ жана суу проблемасынан пайдаланып келүүдө. “Кыргызгаз” Россиянын “Газпром” компаниясына сатылып кетиши шылтоосунда Өзбекстан АКШнын колдоосу менен Кыргызстанга берип жаткан газды токтотуп койду. Кыргызстан өкмөтүнүн кайрылууларына эч кандай көӊүл бурбастан, аларды ачык эле теӊсинбей койду.

 Өз кезегинде Кыргызстан өкмөтү Россиянын колдоосу менен Камбар-Ата ГЭСин курууга киришти. Бул ишти Каримов өзүнө карата басым өткөрүү куралы катары кабыл алды жана жогорудагы ГЕСтин курулушуна катуу каршылык көрсөтүп келүүдө.

 2012-жылы сентябрь айында Казакстанга барган Каримов, “Биз эмненидир куруудан мурда, кайсы бир улуу мамлекеттер менен келишим түзүүдөн мурда, келгиле, экспертиза өткөрөлү жана калкка, адамдарыбызга анык түшүндүрүп берели, алар менен эртеӊки күнү эмне болот, бул дарыялардын төмөн жагында ким жашайт”, – деген Каримов  Тажикстандагы Рогун жана Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЕСтеринин курулушу региондо согуш келтирип чыгарышы мүмкүн экендигинен эскертип, коркуткан эле.

 Түпкүлүгүндө, эзелтеден бир үммөт болуп келген бул элдерди колония кылуу аркылуу бөлүп таштап, ортосуна жасалма чегара орнотуунун натыйжасында бири-бирине каршы кылып койгон бул колонизаторлордон кутулуунун, кордуктан кутулуунун жана дагы кайрадан бир үммөт болуп биригүүнүн, үммөттүн иштерин адилеттүү жана камкордук менен башкаруунун о.э. үммөттүн коопсуздугун камсыздоонун  бирден-бир жолу Исламий Халифалык мамлекетин турмушка кайтаруу.  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here