АСАД ТЫШКЫ МАМЛЕКЕТТЕРДЕН АЙ САЙЫН БИР МИЛЛИАРД ДОЛЛАР АЛАТ

337
0

“Алжазира”га интервью берген Сирия улуттук коалициясынын мурунку баш катчысы Мустафа Саббай Асад режими сакталып турушу үчүн тышкы мамлекеттер ай сайын бир миллиард доллар жумшап жатканын ачыктады. Саббайдын айтымында, эл аралык коомчулук тарабынан берилген убадалар ишке ашпаганы себептүү – Саббайдын тили менен айтканда – Сирия оппозициясынын саясий канаты болуп эсептелген улуттук коалиция менен башка куралдуу топтор арасында маанилүү алакалар орнотулбаган.

Саббай: “Душманыбыз өз калкын кырып жаткан диктатор болушуна карабастан, ай сайын бир миллиард доллардан жардам алат. Сирия улуттук коалициясы болсо түзүлгөн күндөн бери 2 жылдын ичинде 300 миллион доллар гана жардам алды”, – деди.

Саббай Асад режими кулагандан кийин жаңы өкмөт Аллахтын шарияты менен эмес, элдин каалоосу менен башкарылышына ишара кылып, ошондой максатта түзүлгөн Сирия улуттук коалициясы жана убактылуу өкмөт ар кандай абалда да кайра кулабастыгы керектигин баса белгиледи.

Ал: “Асад режими куламайынча, эч бир проблема чечилбейт. Режим кулагандан кийин болсо биз бардык проблемаларыбызды чече ала турган эркибиз бар экендигин бүт дүйнөгө көрсөтөбүз”, – деди.

Саббай “Алжазирага” берген интервьюсунда демократияны жактап чыккан Сирия улуттук коалициясы Жихадий топтор тарабынан кабыл алынбагандыгын кошумчалады.

Ал: “Албетте проблемалар бар. Арабызда келишпөөчүлүктөр бар. Асад режимине каршы күрөшүп жаткан топтор менен бекем диалог кура албадык. Ал тургай, коалициянын ичинде да күчтөр таразасы өзгөрүүдө. Эмнеси болгондо да, бизге башынан бери берилген убадаларына турушканда эле, анда согуштун агымы өзгөргөнү сыяктуу эле саясатта да алдыга жылган болот элек. Силер менен биргебиз деген досторубуз, артка чегинип бизди жалгыз калтырышты”, – деди.

Саббай акыркы кездерде Сириянын бир нече региондорунда ишке ашырылган АКШ башчылыгындагы коалициянын чабуулдарына да токтолуп өттү. Анын ачыкташынча, колицияга кошулган мамлекеттер арасында пикир жана максаттарда биримдик жок. ИШИМди шылтоолоп башка топторду бутага алуу актап болбой турган иш экендигине көӊүлдү бурган Саббай АКШ жана шериктери ИШИМди 8-10 жыл бою бомбаласа да бирер натыйжага жетише албастыгына басым жасады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here