АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ АРАБ МАМЛЕКЕТТЕРИНЕ РАСМИЙ САПАР МЕНЕН БАРАТ

384
0

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2-8-декабрь күндөрү расмий сапар менен Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Амирликтери жана Катарга барат.

Президенттин маалымат кызматынын кабар беришинче, Алмазбек Атамбаев 2-4-декабрь күндөрү Саудияда болуп, ал мамлекеттин жетекчилери менен эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашат.

Бириккен Араб Амирликтерине болгон сапар 4-7-декабрга, Катарга болгон сапар болсо 7-8-декабрга пландаштырылган.

Жумушчу сапардын алкагында соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө каратылган бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Туркистон:

Кыргызстан АКШ тарабынан финансылык тузактар коюлган аймакка кирип барууда.

Бул Атамбаев үчүн өтө кооптуу оюн. АКШ өзүнө көз каранды болгон мамлекеттер жана ири компаниялар аркылуу инвестиция же башка белгилүү бир тармактарды өнүктүрүү үчүн гранддык көрүнүштө акчаларды алып кирип, мамлекетти карызга батырат. Андан кийин бул компаниялардын карыздары акысына ошол ири ишканаларды тартып алат. Өзбекстандагы “Даевоо” компаниясы сыяктуу. Же ошол инвестор (акылуу тарап) мамлекеттер аркылуу, өз кызыкчылыктары жолунда бир убакта басым өткөрө алат.

Мындагы негизги коркунуч, Атамбаевдин эки чоӊ мамлекеттер ортосунда, алар тарабынан коюлуп жаткан бири-бирине карама-каршы эки багыттагы келишимдерге кол коюп жибериши күтүлөт. Кол койбой туруп убада кылынган “финансылык жардамдар” берилбейт. Атамбаев болсо, бийлигин сактап калуу максатында ар кандай нерсеге даяр. Кырдаал да ошол каражаттарга өтө муктаж абалда. Муну АКШ жана АКШга малай болгон күчтөр да өтө жакшы түшүнүп турушат. Көӊүл бурган болсоӊуз, Кыргызстанга акыркы кездерде Швейцария президенти, Жорж Сорос мырза жана дагы башка бир нече капиталисттер тынымсыз каттай башташты. Россия да шашылыш келип 500 миллиондук өнүктүрүү фондун түзүп кетти. Булардын бардыгы Атамбаевдин айланасындагы коррупцияга баткан режим үчүн берилип жаткан пара деп айтсак аша чапкан болбойбуз. Алар, Атамбаев каалаганда да, бул каражаттардын чоӊ бөлүгү өз ордуна жетип барбастыгын билишет жана өздөрү да ошону каалашат. Себеби, ал колонизаторлорду Кыргызстан мамлекети, анын калкынын жашоо шарты жана абалы кыпындай да кызыктырбайт. Алар режимди ар түрдүү айла-амалдар менен болсо да өздөрү тарапка тартмакчы болушууда. Атамбаев Акаевдин эки тараптуу жүргүзгөн саясатын кайталай албайт. Себеби, Россиянын мурункудай күч-кубаты жок. Мурда Россия күчтүү болгондуктан жана СНГга мүчө мамлекеттер ага саясий жактан көз каранды болгондуктан, алардан кадыржам болчу. Азыр кырдаал таптакыр башкача. Россия ар бир мамлекеттин колдоосуна муктаж, ошондуктан бул ишке ал катуу көӊүл бурат. Бул дегени Украинадагыдай болбосо да, ошого жакын көӊүл бурат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here