ЕВРОСОЮЗ КЫРГЫЗСТАНГА 10 МИЛЛИОН ЕВРО БӨЛҮП БЕРЕТ

273
0

Бельгия королдугунун борбору Брюссель шаарында болуп өткөн Кыргызстан республикасы жана Евросоюз ортосундагы кызматташтык боюнча кеӊештин 13-жыйынына катышып келген тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев президент Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууда, Евросоюз Кыргызстанга шайлоо системасын реформа кылуу жана демократиялык шайлоолорду өткөрүү үчүн 10 миллион евро бөлүп бере тургандыгын билдирди.

О.э. Евросоюз Кыргызстанга мамлекетте демократиялык жана социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашыруу үчүн 2014-2020-жылдарда кошумча 184 миллион евро бөлүп бере тургандыгын жана бул көрсөткүч мурункуга караганда 74 пайызга көп экендигин айтып өттү.

Туркистон:

Коррупция, тааныш-билиштик, жумушка адистер эмес, тескерисинче колдоочусу бар адамдар алынышы себептүү Кыргызстан өкмөтү экономикалык проблемалар кысымына түшүп калды. Бул проблемалардан кутулуу үчүн о.э. мүмкүн болушунча элдин жек көрүүсүнө дуушар болбостук үчүн, өкмөт алды-артын карабастан туш келген мамлекеттен карыз жана жардам акчаларын алууну адат кылып алды.

  Чоӊ мамлекеттер жана эл аралык уюмдар эч качан жөндөн-жөн эле карыз же жардам бере беришпейт. Мунун артында жогорудагы мамлекеттердин же эл аралык уюмдардын расмий өкмөттөн бирер шартты ишке ашырууну талап кылышы табигый.

  Алган акчаларын актоо жана дагы да көбүрөөк жардам алуу үмүтүндө, расмий өкмөт өз калкынын үрп-адаттарына, баалуулуктарына туура келиши же туура келбешине карабастан, алардын шарттарын аткарууга киришет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here