БУУ СИРИЯ КУРМАНДЫКТАРЫНЫН САНЫН ЭСЕПТӨӨ МЕНЕН УБАРА

284
0

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Коопсуздук кеңеши үчүн даярдаган отчётто айтылышынча, АКШ жана анын союздаштары тарабынан “Ислам мамлекети” тобу ээлеп турган аймактарга уюштурулган авиачабуулдардын натыйжасында болжол менен 50гө жакын жайкын тургун курман болгон.

“Союздаштар ишке ашырган авиачабуулдун курмандыктары 865 адамга жетти, ошону менен бирге, Халаб, Дейр уз-Зар, Идлиб жана Раккада 50 жайкын тургун өлгөн” деп айтылат отчётто.

Мындан тышкары отчётто айтылышынча, Сирия армиясы ишке ашырган чабуулдардын натыйжасында дагы 239 карапайым жаран курман болгон. БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, 18-октябрдан 6-ноябрга чейин өкмөттүк аскерий аба күчтөрү Дамасктын айланасына 42 бомба таштаган. Айрыкча, башталгыч мектепке уюштурулган авиачабуулдун натыйжасында 17 жаш бала курман болуп, ондогон окуучулар жарадар болушкан.

БУУнун отчётуна ылайык, Сирияда төрт жылдан бери уланып жаткан согуштун натыйжасында 200 миӊге жакын адам курман болгон.

Туркистон:

Бириккен Улуттар Уюму 1945-жылы эл аралык уюм катары түзүлгөндө ага “дүйнө жүзүндө тынчтыкты бекемдөө жана коопсуздукту камсыздоо, мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү максатында түзүлгөн эл аралык уюм” деген аныктама берилген эле.

  А бирок, бул уюм түзүлгөндөн бери бир жолу болсо да мусулман элдердин тынчтыгын бекемдөө үчүн жана коопсуздугун камсыздоо үчүн бир кадам да таштаган эмес. Халифалык мамлекети кулатылган күндөн бүгүнкү күгө чейин, дүйнөнүн ар жеринде мусулмандарга карата жүрөктөрдү титирете турган кыргындар тынымсыз жүз берип келүүдө. Бирок ошого карабастан, БУУ жана башка эл аралык уюмдар тынчсыздануу билдирип коюудан же тереӊ кайгыда экендигин билдирүүдөн нары өткөн эмес.

   Эгерде БУУ бирер аракетке киришкен болсо да жалаӊ гана АКШ жана Батыш мамлекеттеринин кызыкчылыктарынан келип чыккан абалда “адам укуктары”, “саясий эркиндиктер” тебеленип жаткандыгын шылтоолоп, “итаатсыз” мамлекеттер өз байлыктарын колонизатор мамлекеттердин колуна кош колдоп тапшырышы үчүн гана аракет кылган.

 Бүгүнкү күнгө чейин Сирияда он миӊдеген жаш балдар жана аялдар курман болушту. А бирок, БУУ курман болгондордун жана мекенин таштап кетүүгө мажбур болгондордун санын эсептөөдөн башка нерсеге жарабады. Эгерде ушуга окшогон жырткычтыктардын жүздөн бири Батыш мамлекеттеринде же жаратылыш байлыктарына ээ болгон “үчүнчү дүйнө” мамлекеттеринде жүз бергенде эле, анда БУУ “адам укуктары тебеленип жатканы” себептүү ага каршы тезирээк чара көрүүгө умтулган болор эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here