Борбор Азия мамлекеттеринин бири болгон Казакстан республикасында президент Нурсултан Назарбаевдин аты менен ачылган жана эӊ жөндөмдүү окуучуларды кабыл алуу менен таанылган мектепте хижаб салынып келген кыздардын кабыл алынбастыгы ызы-чууга себеп болууда.
Назарбаевдин аты берилген бул мектеп жогорку даражалуу, сапаттуу таалим тарбия берүү менен аты чыкканы себептүү көптөгөн үй-бүлөлөрдүн назарында балдар үчүн эң биринчи орундагы мектеп болуп эсептелет. А бирок, быйыл мектепке жоолук оронуп келген 15 жаштагы Айзара Чыңгызбаева күтүүсүз “сюрприз”ге дуушар болду. Мектеп директору Багдан Кайиржанов жоолук оронуп мектепке келген кызды оболу мектептин ачылыш салтанатына, андан кийин болсо класска киргизбей койду.
Кызынын мектепке кабыл алынбагандыгына таӊ калган анын ата-энеси Асат Иманбаев жана Жанар Тамашевалар полицияга кайрылышып мектеп жетекчилигинин үстүнөн арызданышты. Айзаранын ата-энесинин айтымында, мектеп жетекчилиги окуучулардын теги, жынысы, расасы, дини жана ыйманы себептүү кодулап, билим алуу укугунан ажыратууда.
Айзаранын энеси: “Биз үй-бүлөбүз менен диний баалуулуктарды карманып жашоого аракет кылып келебиз. Балдарыбызды да көркөм ахлактуу кылып тарбиялоого бар болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Кызыбыз Айзара өтө жогорку бааларга окуган окуучу. А бирок, ал азыр 15 жашта. Ислам дининин өкүмдөрү боюнча жоолук оронуучу жашка жеткен. Быйыл кызыбыз жоолук оронуп окууну улантышы жөнүндө мектеп жетекчилигине маалымдаган элек. А бирок, директор Багдан Кайиржанов өз билгенинен кайтпай жатат”, – деди.
Мектеп директору Кайиржанов болсо журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Кайиржанов бардык нерсе анык болушуна карабастан, “болуп өткөн окуянын үстүнөн териштирүү жүрүп жатат” деп айтуу менен гана чектелди.