Mohamad Sukker тарабынан сахаба Тамим Дарийнун жери туурасында берген суроосуна жооп

570
0

Суроо: Саййидибиз Мухаммад A улуу сахаба Тамим Дарийге Халилден (Маскубия) бир жер бөлүп бергени маалым. Бизге бул бөлүнгөн жер кайсы түргө таандык экендиги – ушрийби же хирожийби – бүдөмүк болуп калды. Белгилүү болгондой, «Халифалык мамлекетинде малдар» китебинен жердин ушрий деп эсептелишинин абалдарында бирер адамга бөлүп берилген жер ушрий болуп калышын таппадык, анда ушрий жер да, хирожий жер да бөлүп берилиши мүмкүндүгү айтылган. Бирок, айрым жигиттердин маалыматына ылайык, Тамим Дарий жери ушрий жер болгон экен, жогорудагы китепте айтылбаган ушул сөздүн бирер негизи барбы? Аллах бизден жана бардык мусулмандардан сизге жакшылык берсин, сизди жана бардык мусулмандарды нусрат менен, Аллахтын уруксаты менен, келе жаткан пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык астындагы үстөмдүк менен кубандырсын!

Жооп: Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!

Ооба, Расулуллах A фатхтан мурун Тамим Дарийге бөлүп берген жер маселеси «Халифалык мамлекетинде малдар» китебинде кеңири айтылган эмес. Бирок, ал «Исламий шахсия» китебинин экинчи бөлүмүнүн «Ушр, хирож жана сулх жерлери» бөлүгүндө толук баян кылынган. Анда мындай делет:

«Ушр жери – бул андан чыгуучу түшүмдөн зекет катары ушр же ушрдун жарымы алына турган жер. Ал ушрий жер деп аталат. Бул жердин түшүмүнөн зекет катары алына турган ушрдун атынан ал ушундай аталды.

Буга калкы башынан эле Исламга кирген бардык жерлер кирет. Мисалы, Мадинаи Мунаввара жана Индонезия сыяктуу. Себеби, Медина калкы Расулуллах A маалында жана ал кишиден кийин халифалар заманында өздөрүнүн жерлеринин түшүмүнөн зекет катары ушр гана төлөшкөн.

Бүтүндөй араб жазирасы да ушр жерине кирет. Мында Медина сыяктуу калкы Исламга кирген болобу же Мекке сыяктуу күч менен фатх кылынган болобу, мунун айырмасы жок.

Мусулмандар куралдын күчү менен фатх кылган жана имам жоокерлердин ортосунда бөлүштүрүп берген бардык жерлер – мисалы, Хайбар жери сыяктуу – ушр жерине кошулат жана ушрий жер болот. Же имам жоокерлерди жердин бир бөлүгүнө жайгаштырган жерлер.

Имам күч менен фатх кылынган жерлерден адамдарга бөлүп берген жер майдандары да ушр жерине кошулуп ушрий жер болот.

Имам фатх кылына элек жерден Аллах аны момундарга фатх кылып бергенден кийин бөлүп бере турган жер да ушрий жерге кошулат жана ал бөлүп берилген киши үчүн тартуу болот. Буга Расулуллах Aдын Тамим ад-Дарийге Халилдеги Хабро, Хабрун, Мархун жана Айнун жерин бөлүп бергенин мисал кылып келтирүүгө болот. Себеби, Тамим ад-Дарий Расулуллах Aдын алдына өз жамааты менен бирге келген убакта Пайгамбарыбыз Aдан бул жерлерди эгер Аллах мусулмандарга фатх кылып берсе өзүнө бөлүп беришин сураганда Пайгамбарыбыз A ага бөлүп берип, бул жөнүндө ага бир кат жаздырып берген. Умар мына ошол катка күбө болгондордун бири болгон. Аллах бул жерлерди Умар заманында мусулмандарга фатх кылып берген соң, Тамим ад-Дарий Умардан бул жерлерди өзүнө беришин сурады. Умар Расулуллах Aдын бергенине бапаа кылып, ага бул жерлерди тапшырды…», аягы.

Демек, Расулуллах A Тамим Дарий Gга бөлүп берген жер ушрий жер. Бул бир нече риваяттарда белгиленген:

Абу Ахмад Хамид ибн Мухаллад ибн Кутайба ибн Абдуллох Хурасаний (Ибн Занжавих деп таанылган, хижрий 251-жылы дүйнөдөн кайткан) өзүнүн «Амвал» деген китебинде Зухрий менен Савра ибн Язидден, ал Рошид ибн Саъддан риваят кылган: Тамим ибн Авс Дарий (лахмдык киши) мындай деди: Я Расулуллах, Палестинада менин румдук коңшуларым бар, алардын Хабро жана Байт Айнун деген эки айылы бар, Аллах сизге ушул Шамды фатх кылып берсе, бул эки айылды мага тартуу кылсаңыр. Ал зат: «Ал экөөсү сага» деди. Тамим: «Бул жөнүндө күбөлүк жазып бериңиз», дегенде, мындай деп жазды:

«بِسْمِ اللهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ هَذَا كِتَابٌ مِنْ مُحَمَّدٍ رَسُولِ اللهِ، لِتَمِيمِ بْنِ أَوْسٍ الدَّارِيِّ، أَنَّ لَهُ قَرْيَةَ حَبْرَى وَبَيْتَ عَيْنُونَ…»

«Бисмиллахир Рохманир Рохим. Муну Мухаммад Расулуллах жазды, Тамим ибн Авс Дарийге Хабро жана Байт Айнун айылдары берилет».

Ушуга окшош риваят Абу Убайдадан «Амвал» китебинде о.э. Абу Юсуфтан «Хирож» китебинде да риваят кылынган.

Ушул жооп ачык-айкын жана жетиштүү болот деген үмүттөмүн, инша Аллах.

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рошта                                               

   22шаввал, 1435-х.

   18-август, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here