РОССИЯ ЖИКЧИЛДЕРГЕ КУРАЛ-ЖАРАК ЖИБЕРИП ЖАТКАНДЫГЫ АНЫКТАЛДЫ

302
0

 Европада коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Украинада көзөмөл жүргүзүп жаткан күзөтүүчүлөрү Россиядан Украинага кирип келип жаткан жүк машиналарында миномёттор жана ракета системалары бар экендигин аныктагандыгы туурасында кабар берди.

Уюм тарабынан чыгарылган билдирүүдө айтылышынча, көзөмөл жүргүзүп жаткан топтун өкүлдөрү россиячыл жикчилдер көзөмөлү астындагы Донецк регионунда 34 жүк машинасынын үстүнөн текшерүү өткөргөн. Текшерүү маалында жүк машиналардын 19унда миномёттор жана ракеталык системалар бар экендигин аныктаган.

Донецктин 15 км чыгышында жайгашкан Свердлов регионунда бара жаткан жүк машиналарынын арасындагы 5 фургондун ичинде ракета жабдыктары жана дагы эки машинада болсо ок-дары кутулары табылгандыгы айтылууда. О.э. Донецктин 41 км чыгышында жайгашкан Зугрэс шаарынын жанында бара жаткан 12 жүк машинанын ичинде 122 миллиметрдик миномёттор бар экендиги аныкталган.

Ок атууну токтотуу чечимин өз ичине алган Минск протоколу жана меморандуму бар болушуна карабастан, Украина чыгышында мамлекеттик армия менен россиячыл жикчилдер ортосундагы согуштар уланууда.

Европада коопсуздук жана кызматташтык уюмунун туруктуу кеңеши, Украина чыгышындагы россиячыл жикчилдер Россия тарабынан курал-жарак менен камсыздалып жаткандыгын дааба кылып, Россия-Украина чегарасын көзөмөлгө алуу максатында атайын күзөтүүчүлөр миссиясын уюштурууга токтом кылган эле.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жен Псаки Вашингтондо Россиянын жикчилдерге танктар жана башка оор аскерий техникаларды жеткирип берип жатканына нааразылык билдирди. Псакинин билдиришинче, Европада коопсуздук жана кызматташтык уюмунун күзөтүүчүлөрү россиячыл жикчилдер тарабынан көзөмөл кылынып жаткан Донецк областынын аймагында танктар чогулуп жатканына күбө болгон. Псаки Россия өкмөтүн Украина чыгышындагы россиячыл жикчилдерге курал жарак жеткирип берүү аркылуу согушту күчөтүп жаткандыкта айыптады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here