АТАМБАЕВ ТҮРКМӨНСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

253
0

Кыргызстандын экинчи президенти Бакиевдин бийликтен кетишине алып барган 2009-2010-жылдардын күз-кыш айларындагы энергетикалык кризис Атамбаевди этият болууга, мүмкүн болушунча Бакиев кетирген катаны кайталабастыкка үндөп жатат. Ошондуктан да Казакстандан келери менен, эки күндүк иш сапары менен Түркмөнстанга жөнөп кетти. 11-ноябрь күнү Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти менен түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Атамбаев айрыкча энергетика-экономика тармагындагы кызматташтыктын маанилүүлүгүнө көӊүл бурду. Ал: “Түркмөнстандын энергетикалык мүмкүнчүлүгүн эсепке алган абалда, кызматташтыгыбыз регион үчүн үлгү болот деп үмүттөнөмүн”, – деди.

Өз кезегинде Гурбангулы Бердымухамедов да “Кыргызстан Түркмөнстан үчүн ишенимдүү шерик” деп атады. Түркмөнстан президенти: “Биздин алдыбызда экономикалык, соода-инвестициялык, илимий-маданий жана гуманитардык тармактардагы алакаларды өнүктүрүү милдети турат”, – деди.

О.э. Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстан электр энергиясын иштеп чыгарууну күчөтүп жатканын жана жакын арада электр энергиясын Кыргызстанга жеткирүү маселесин карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Бердымухаммедов менен жолугушуудан кийин журналисттердин алдына чыккан Алмазбек Атамбаев, Түркмөнстан Кыргызстанга 700 миллион кВт-саат электр энергиясын жеткирип берүүгө даяр экендигин кабарлады.

Атамбаев: “Келечекте, бир жылдан кийин бир миллиард кВт-саат жана андан да көбүрөөк электр энергиясын жеткирип берет. Албетте, биз Өзбекстан аркылуу транзит маселесин чечишибиз керек болот. Менин оюмча, эртеби-кечпи бул маселе да чечилет. Эгерде бизде проблемалар, энергетикалык кризис боло турган болсо ар дайым таянышыбыз мүмкүн болгон боордош эл бар экендигин ар дайым сезип турабыз”, -деп баса белгилеп өттү. Мындан тышкары, Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын, нефть, жаратылыш газын, дизель жана бензин сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн табууга аракет кыла тургандыгын айтып өттү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here