Австралияда уюштурулган “Чоӊ жыйырмалык” (G20) жыйынында жыйынтыктоочу сөзүн сүйлөгөн АКШ президенти Барак Обама Сирияга тиешелүү пландары жөнүндө маалымат берди. Обаманын билдиришинче, АКШ өкмөтүнүн Башар Асадды бийликтен четтетүүгө тиешелүү планы жок жана бул маселе күн тартибине да киргизилген эмес.
АКШ президенти Барак Обама өз калкын кыргын кылган Асаддын мыйзамдуулугу аяктаганына басым жасап, “… А бирок, аны бийликтен алыстатуу сыяктуу бир планыбыз жок, мен бул жөнүндө эч бир ооз ачпадым” деп баса белгиледи.
“Чоӊ жыйырмалык” жыйынынын артынан уюштурулган маалымат жыйынында АКШ президенти журналисттердин Сирия туурасындагы суроолоруна жооп берди. Обаманын журналисттерге билдиришинче, бул жыйында Сирия маселеси толук карап чыгылбаган. А бирок, ташталып жаткан кадамдардын пайда бергени же пайда бербегени карап чыгылган.
Сирия президенти Башар Асаддын жүз миңдеген адамды өлтүргөндүгүн жана мыйзамдуулугун жоготкондугун дагы бир жолу кайталап өткөн Барак Обама “Асадга карата ээлеген позициябызда бир да өзгөрүш жок” деп баса белгиледи.
Мындан мурда “CNN” телеканалы АКШ президенти Барак Обаманын Сирия жаатында жаңы планы бар экендигин ачыктаган эле. Телеканалдын кабарына ылайык, АКШ президенти Сирияда саясий өзгөрүш болмоюнча т.а. Башар Асад кетмейинче ИШИМдин үстүнөн жеӊишке жетүү мүмкүн эместигин айткан. Ак үйдө өткөрүлгөн 4 жолку жолугушууда “Биздин Сирия жаатындагы стратегиябыз кандай болот” деген маселе ортого ташталганы айтылат кабарда.
“Чоӊ жыйырмалык” жыйынына катышуу үчүн Австралияга келген Түркиянын премьер-министри Ахмад Давутоглы да АКШнын Сирия боюнча жаңы стратегиясын алкыштай тургандыгын билдирди. Маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берген Давутоглы “бул Түркиянын негизги пикирлерине жакындашып жатат деп айта аласызбы?” деген суроого “Албетте, албетте” деп жооп берди.
“Бул кабарды мен да көрдүм. Обама менен бүгүн жолугушканда бул маселе үстүндө албетте сүйлөшөбүз. Кабардын маанисине караганда, туура маселе, туура жакындашууну көрсөтүүдө”, – деди Давутоглы.
А бирок, Ак үйдүн өкүлү Обаманын Сирия жаатында жаңы стратегиясы бар экендиги жөнүндө таркаган кабарлар чындыкка жатпай тургандыгын ачыктады. Обаманын улуттук коопсуздук боюнча кеӊешчисинин жардамчысы Бен Родс Вашингтондун ИШИМге каршы күрөш үчүн Сирия боюнча жүргүзүп жаткан стратегиясын өзгөртүү жөнүндө пикири жоктугун билдирди.
“Сирия боюнча саясатыбызда эч кандай стратегиялык өзгөрүш жок, бар болгону ИШИМди алсыратып жана акырында аны жок кылуу үчүн аракеттерди күчөтүү”, – деди Бен Родс маалымат брифингинде.





motilium 10mg uk – cyclobenzaprine drug cyclobenzaprine order online
buy inderal cheap – buy inderal no prescription order methotrexate 10mg generic
coumadin 2mg sale – warfarin 5mg price cozaar for sale online
order nexium 20mg sale – imitrex over the counter order sumatriptan 50mg online
order generic levaquin 250mg – avodart 0.5mg over the counter buy ranitidine 300mg generic
order ondansetron 8mg generic – cost zocor 10mg order simvastatin 10mg