КЫТАЙ АЗИЯГА КӨЗ АРТУУДА

250
0

Кытай чыгыш менен батышты бири-бирине байланыштырып келген тарыхий Жибек-Жолун жаңыдан жандантуу үчүн бюджеттен өтө чоӊ өлчөмдө каражат бөлдү. Кытай өкмөтү “Жибек-Жолу” деген аталышта курула турган чоӊ жол жана темир жолдун курулушу үчүн бюджеттен 40 миллиард доллардык каражат бөлгөндүгүн кабарлады. Бул долбоор үчүн бюджеттен Кытай бөлө турган каражат 16 миллиард доллардын тегерегинде болушу болжолдонуп жаткан эле.

Кытай инвестиция жаткыра турган мамлекеттердин чоӊ бөлүгү Орто Азия мамлекеттерине туура келет. Кытай бул чабуулу менен Азия жана Орто Азия мамлекеттериндеги таасирин барган сайын күчөтө баштаганы айтылууда. Айрыкча, Россия Азияда күндөн-күнгө таасирин жоготуп бара жаткан бир убакта Кытайдын Азия жана Орто Азия мамлекеттеринде орношуп алууга каратылган кадамдары көӊүлдү бурат. Кытай жаңы Жибек-Жолун курууну каалаган аймактар Орто Азия мамлекеттеринен өтүп Иран аркылуу Түркия, андан кийин Европага байланышат.

Кытайдын негизги максаты, азыркы убакта тынч регион болуп эсептелген Орто Азияны эл аралык темир жолу, энергетика жана транспорттук байланыш борбору абалына келтирип, Кытай-Орто Азия жана Европа ортосунда бир алака орнотуу экендиги айтылууда. Кабарларда айтылышынча, Кытай президенти Си Цзиньпин өз сөзүндө ачыктаган региондорду “Жибек-Жолу экономикалык бел куру” абалына келтирүү үчүн аракеттер күчөгөн.

Коомчулукка ашкере кылынган пландар үстүндө изилдөө жүргүзгөн эксперттер жана дипломатдардын айтымында, Кытай өзүнө жакын болгон аймактарды жолдор, темир жолдор жана порттор менен өзүнө ого бетер байлап алууну каалап жатат. Бул пландар ошол эле убакта Азия жана Тынч Океаны эркин соода келишими, 50 миллиард долларлык Азия инфраструктура инвестициялык банкы жана 40 миллиард долларлык Жибек-Жолу фондун өз ичине алат.

Туркистон:

Дүйнөнүн геосаясаты өзгөрө баштады. Бул нерсе дүйнөнү БУУ аркылуу башкарып келе жаткан эл аралык системанын талкаланышы же жаңыдан түзүлүшү менен аяктай турган бүткүл дүйнөлүк окуя болот. Кытайдын Орто Азияга болгон жогорудагы кызыгышын жана аны ээлеп алуу үчүн кылып жаткан аракеттерин мындан башкача талдоого мүмкүн эмес. Ал Россиянын эл аралык майдандагы абалын жакшы түшүнгөн абалда, Борбор Азия маселеси боюнча АКШ түзүп берген “Жибек-Жолу” долбоорун толук ишке ашырууга аракет кылат. АКШ Кытайга бул ишти ишке ашыруусунда жардам берет. Себеби, анын негизги максаты Орто Азияны колония кылуу эмес, тескерисинче, Россияны талкалоо маселеси болчу. Аныгыраагы, бүгүнкү күндө алдына койгон алгачкы максаты ушундай. Ошондуктан, ал Кытайдын бул регионду экономикалык жактан колония кылып алышына жардам берет.

Кытайдын учурдагы абалы, Россиянын экономикалык кризисинин тескери көрүнүшү деп айтсак болот. Ал сырьё дефицити проблемасына дуушар болуп келүүдө. Бул абал Кытайдын тышкы экономикалык алакаларында, импорт жана экспорт балансынын бузулушунун натыйжасында жүз берди. Экспорт кылынып жаткан товарлар болсо өз ордун кагаз акчаларга алмаштырып, натыйжада дизбаланс т.а. чыныгы экономикалык кризис пайда болот. Бул Кытайдын экономикалык системасынын анын саясий жагынан дүйнө бойлоп кеӊейүү аракеттеринин токтотуп коюлушунан келип чыгат. Ошондуктан, ал жаңы саясий аракеттеринде бүткүл дүйнөлүк долбоорлорду инвестициялоо, дүйнөлүк компанияларды сатып алуу, ШКУ сыяктуу саясий уюмдарды пайда кылуу аркылуу кичине мамлекеттерди карыз кылуу сыяктуу саясий аракеттерди ишке ашыра баштады. Себеби, финансылык капиталдын көбөйүп баруу проблемасы т.а. дүйнө базарларынын ага кеӊири ачып берилиши жана ал өлкөлөргө Кытайдын товарлары кирип барып анын ордуна айырбаштоо жолу менен келиши керек болгон сырьёлордун жетиштүү кирип келбестиги, анын ордуна АКШ доллары гана агып кирип келе берүү механизми Кытайдын эл аралык майдандагы саясий кубатына түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан, Кытай эл аралык майданда өз таасирин кеӊейтүү үчүн ар кандай финансылык чыгымдарды кылууга даяр. Болбосо, Кытай АКШнын долларына байланып бара берүү менен чыныгы экономикалык кризиске дуушар болот жана АКШнын колониясына айланат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here