2014-жылдын 3-ноябрында Ала-Арча резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев төрагалыгында Коргоо кеӊешинин кезектеги жыйыны болуп өткөн жана ошол жыйында Коргоо кеңеши “Дин тармагында 2014-2020-жылдарга болжолдонгон мамлекеттик саясат туурасындагы” концепцияны тастыктоо туурасында токтом кабыл алган эле. Президенттин маалымат кызматынын кабар беришинче, Алмазбек Атамбаев 17-ноябрь күнү токтомго кол койду.
Жогорудагы токтомго ылайык, Коргоо кеңешинин 2014-жыл, 3-ноябрь күнү кабыл алган токтомун ишке ашыруу максатында, адам укуктарынын негизги принциптерин жана дин эркиндигин коргоо, мамлекеттин тартипке салуу жана диний тайпалар менен өз ара аракеттери түзүмүн калыптандыруу, мыйзамдуулук жана коомдун коопсуздугун дагы да бекемдөө о.э. Кыргызстан калкынын маданияты, тили жана моралдык байлыктарын сактоо боюнча чараларды көрүү зарылдыгы, мамлекеттин өзүнө таандык өнүгүшүн камсыздоо жолунда 2013-2017-жылдарда Кыргызстан республикасынын туруктуу өнүгүшүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгуу белгиленди.
Ошону менен бирге, КР өкмөтүнө, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын катышуусунда Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштарын эсепке алган абалда 2015-жылдын 1-январына чейин концепцияны ишке ашыруу боюнча пландарды иштеп чыгуу о.э. иш-чараларды ишке ашырууну финансылык камсыздоо, токтом аткарылышы үчүн жоопкер мекемелер жана адамдарды белгилөө милдети жүктөлдү.
Мындан тышкары, КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына Коргоо кеңешинин жумушчу тобу менен биргеликте ММК жана башка жарандык коомдор менен кызматташууну камсыздоо, калк жана диний уюмдарды концепциянын негизги багыттары жана аны ишке ашыруу жолдору менен кеӊири тааныштыруу жүктөлдү.
Токтом расмий түрдө жарыя кылынган күндөн баштап күчүнө кирет.