Малик Мурад (مالك مراد)дын «Исламий мамлекетти тикелөө үчүн аракет кылуу араб мамлекеттерине гана чектелгенби» деген суроосуна жооп

252
0

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллахи ва барокатух!

Урматтуу амирибиз, Аллахтан сураймын, сизге тавфик берип, Өзүнүн уруксаты менен, сиздин колуңуз менен бизге тезирээк нусрат берсин, анткени Аллах ушул иштин Ээси….

«Хизбут-Тахрир түшүнүктөрү» китебинин 79-бетинде мындай деп келген:

«Ислам даъватын жаюу жана бул жолдо саясий күрөш алып баруу Хизб өзүнө мажол (иш-аракет майданы) кылып белгилеген коомдо болот. Хизбут-Тахрир бүтүндөй Ислам дүйнөсүндөгү коомду бир коом деп этибар кылат. Анткени, анын бардык маселеси бир т.а. Ислам маселеси болуп эсептелет. Бирок, Хизб исламий өлкөлөрдүн бир бөлүгү катары араб өлкөлөрүн башталыш чекити кылып белгилейт. Хизб улуу Исламий мамлекеттин өзөгү катары араб өлкөлөрүндө Исламий мамлекеттин пайда болушун бул жолдогу табигый кадам деп билет».

О.э. «Хизбий уюшуу» китебинде да төмөнкүдөй сөздөр келген:

«Ушуга ылайык, бардык Ислам өлкөлөрүн өз ичине ала турган Исламий мамлекеттин негизи болуучу Исламий мамлекет араб өлкөлөрүндө пайда болушу табигый. Араб өлкөлөрүндө Исламга даъват кылуу шарт болгону сыяктуу эле, башка исламий өлкөлөргө да даъват жиберилиши шарт. Иш-аракетти араб өлкөлөрүндө баштоо дегени исламий өлкөлөрдүн бардыгын Исламий мамлекетте бириктирмейинче араб өлкөлөрүнөн башка жерде иш-аракет жүргүзүлбөйт дегени эмес. Араб өлкөлөрүндө Исламий мамлекетти тикелөө үчүн иш алып барылат, андан кийин бул мамлекет кошуна өлкөлөргө – алар араб өлкөлөрү же башка өлкөлөр болушуна карабастан – кеӊейип барат».

Ушул сүйлөмдөр биз Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылышыбызда болжолдонгон мамлекет араб мамлекеттери гана болушун, калган араб эмес мамлекеттерде болсо Ислам мамлекетин тикелөөдөн башка максатта аракет кылышыбызды түшүндүрөбү? Айрыкча, Аллахтын уруксаты менен, жакындап келе жаткан Исламий мамлекеттин негизи оболу араб мамлекеттеринде болуп, андан кийин башка исламий өлкөлөргө таркалышы да айтылган.

Мага ушул нерсе караӊгы болуп калгандыктан, сизден негизинен ушул сүйлөмдөн эмне көздөлгөндүгүн ачыктап бересиз деп үмүттөнөмүн. Сизге Аллах береке берип, сиз аркылуу жана сиздин колуңуз менен фатхтарды берсин!

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллахи ва барокатух!

«Түшүнүктөр» жана «Уюшуу» китебинде келтирилген бул эки сүйлөмдө теӊ «мамлекет тикелөө үчүн аракет кылуу араб мамлекеттерине чектелген» деген нерсе түшүнүлбөйт. Анткени, эки сүйлөмдө теӊ бул табигый нерсе экендиги гана айтылган. Бул жерде мындай, түпкүлүгүндө, Ислам мамлекети араб мамлекеттеринде болушу керек, башкасында болбошу керек. Анткени, араб тили Ислам тили болуп, ал Исламды түшүнүү жана ижтихад кылуу үчүн зарыл. Ошол себептен улам, ушул мамлекет араб тилинде сүйлөшүүчү араб мамлекеттеринде тикеленгени жакшы жана туура болот. Бирок, кээде бул нерсе жүзөгө чыкпай калып, мамлекет араб эмес мамлекеттерде тикеленет. Анткени, бардык исламий дүйнө Халифалык мамлекети тикеленүүгө жарактуу, мейли араб мамлекеттери андан да жарактуураак болсо да. Хизб мамлекет тикелөө үчүн ишмердүүлүгүн араб мамлекеттерине гана чектебейт, тескерисинче, ошол максатын көздөй араб эмес мамлекеттерде да аракет кылат.

Бирок, Хизб араб мамлекеттеринде түзүлдү жана ошол жерде иш-аракет баштады, башталууда мажол араб мамлекеттери болду, анткени, Хизб ошол жерде бар эле жана ошол жерде иш-аракет алып барат эле. Кийинчерээк даъват араб мамлекеттеринин тышкарысына кеӊейип, Хизб чет өлкөдө да таасирге ээ болгондон кийин, өз мажолун да кеңейтти жана арабий болушуна, же арабий болбошуна карабастан, исламий өлкөлөрдө Халифалык тикелөө үчүн аракет кыла турган болду. Ошондуктан, эгерде ушул табигый нерсе жүзөгө чыгып, Халифалык мамлекети араб мамлекеттеринде тикеленсе Аллахка хамд (алкыш-мактоо) айтабыз, ал эми башка исламий өлкөлөрдө тикеленсе, буга да Аллахка хамд айтабыз!

﴿وَرَبُّكَ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ وَيَخْتَارُ﴾

«Роббиӊ Өзү каалаган нерсени жаратат жана ыктыяр кылат»                              [28:68]

Аллахтын өзү жардамчы.

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рошта          

20-зул-хижжа, 1435-х.

14-октябрь, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here