М. В. Андалусий (م. و. الأندلسي)дин сугаруучу жабдыктары жана башка нерселер бар жерди ижарага берүү жана музораа өкүмү жөнүндөгү суроосуна жооп

324
0

Ассаламу алайкум ва рохматуллахи ва барокатух

Жерди андагы сугаруучу жабдыктары жана башка нерселер менен бирге ижарага берүү туурасындагы суроо.

Мен Тунистик боордошуңуз Висом Андалусиймин…

Исламда экономикалык түзүм китебинин 139-бетинде төмөнкүлөр келген: «Жер ээси жерин ижарага берүүгө таптакыр акысы. Жердин пайдасына гана ээлик кылабы, же кызыкчылыгы пайдасы жана аслине да ээлик кылабы айырмасы жок…». 140-бетте болсо төмөнкүлөр келген: «Ал эми Расулуллах Aдын Хайбар жерлерин түшүмдүн жарымы эсебине ижарага бериши жогоруда айтылган нерселер катарына кирбейт, себеби, Хайбар жерлери дарактардан турган болуп, тегиз жер эмес эле…». Жерди эгин эгүү үчүн ижарага берүү маселесинин өкүмү анык. Анткени, өкүм маноту «эгин эгүү үчүн ажыратылган жер». Хайбар жерине тиешелүү нерсе туурасындагы өкүм маноту болсо өзгөргөн (башка). Анткени, ал жер дарактуу болгон. Дарак болсо ээсинин мүлкү болот. Дарак жерден башка. Эгерде ал жерде бирер жер болсо, ал ага (даракка) тобе…

Ал эми бизде кудук же суу топтоло турган көлмө сыяктуу сугаруучу жабдыктары же мамлекет дыйкандарга бирер төлөмдүн акысына өткөрүп бере турган сугаруучу каналдар жана сууну эгиндерге жеткирип берүүчү каналдар (мисалы тамчылатып сугаруучу каналдар) бар жерде үй-жай, короо, салкындатылган үйлөр, дарылануучу жабдыктар, дыйкан үчүн зарыл болгон жана жерге кошуп бериле турган эгин эгүүчү куралдар болушу мүмкүн.

Суроо:

  • Өкүм маноту (жер) – эгерде ал теп-тегиз жер болбой, жабдыктар жана курулуштар бар жер болсо – өзгөрөт деп айтууга болобу?
  • Эгерде жер зыйнаттуу өсүмдүктөрдү өстүрүү же малдарды багуу сыяктуу дыйканчылык продукцияларын өстүрүү үчүн бөлүнбөгөн болсо мында да өкүмдүн маноту өзгөрөбү?
  • Мына ушул абалдарда жерди ижарага берүү жайиз болобу?

Вассаламу алайкум ва рохматуллахи ва барокатух.

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллахи ва барокатух

  • Теп-тегиз дегендин мааниси эгин эгилүүчү жер т.а. эгин үчүн ажыратылган, бирок, эгин эгилбеген жер. Бул жерди эгин эгүү үчүн ижарага берүү арам. Буга далилдердин кээ бирлери төмөнкүлөр:

Рофеъ ибн Худайж риваят кылып: «Биз Расулуллах A заманында мухобара кылат элек (жерди эгин эгүү үчүн ижарага берет элек), абакелеримдин бири келип мындай деди: Расулуллах A биз үчүн пайдалуу болгон бир иштен нахий кылды, Расулуллах Aга итаат кылуу биз үчүн дагы да пайдалуураак, дагы да пайдалуураак, – деди. Биз: Ал эмне экен? – деп сурадык. Ал: Расулуллах A:

«مَنْ كَانَتْ لَهُ أَرْضٌ فَلْيَزْرَعْهَا أَوْ لِيُزْرِعْهَا أَخَاهُ، وَلا يُكَارِيهَا بِثُلُثٍ وَلا بِرُبُعٍ وَلا بِطَعَامٍ مُسَمًّى»

«Кимдин жери болсо ага эгин эксин же эгин эгүү үчүн боордошуна берсин, аны үчтөн бирине да, төрттөн бирине да жана белгилүү бир азыктын эсебине да ижарага бербесин», деди. Бул хадисти Абу Давуд чыгарды. Мухораба – бул  музораа болуп эсептелет.

2 – А бирок, эгерде жер теп-тегиз болбосо т.а. карала турган дарак эгилген болсо, анда аны ижарага берүү мусакот деп аталат жана ал жайиз. Ал тургай, дарактын арасында эгин эгилүүчү тегиз майдандар бар болсо да. Анткени, ал мындайда даракка тобе болот. Демек, даракты карап өстүрүү негизги иш. Мусакоттун жайиздигине далилдердин кээ бирлери төмөнкүлөр:

Бухарий Нофеъден чыгарышынча, Абдуллах ибн Умар H ага төмөнкүнү кабар кылган:

«أَنَّ النَّبِيَّ صلى الله عليه وسلم عَامَلَ خَيْبَرَ بِشَطْرِ مَا يَخْرُجُ مِنْهَا مِنْ ثَمَرٍ أَوْ زَرْعٍ، فَكَانَ يُعْطِي أَزْوَاجَهُ مِائَةَ وَسْقٍ ثَمَانُونَ وَسْقَ تَمْرٍ وَعِشْرُونَ وَسْقَ شَعِيرٍ…»

«Набий A Хайбар менен андан чыга турган мөмө же эгиндин жарымына мамиле кылды, Пайгамбарыбыз аялдарына жүз васак: сексен васак курма жана жыйырма васак арпа берет эле…».

Анткени, Хайбар жери даракзар болгон, дарактар арасында эгин майдандары болгон. Бул хадистен анык көрүнүп тургандай

«ثَمَانُونَ وَسْقَ تَمْرٍ وَعِشْرُونَ وَسْقَ شَعِيرٍ…»

«Сексен васак курма жана жыйырма васак арпа…». Демек, көбүрөөгү дарак болгон. Ошондуктан, Расулуллах A ага карата белгилүү бир төлөм эсебине мамиле кылды. Т.а. Пайгамбарыбыз ал жерге дарак эгилгени үчүн аны ижарага берүүгө уруксат берди. Бул мусакот т.а. даракты өстүрүү деп аталат…

3 – Ал эми эгерде эгин үчүн ажратылган жерди – т.а. силерде Сания деп аталуучу жерди, ал жерде өзүӊүз айткандай кудук же сугат каналдары сыяктуу курулуштар, үй-жай, малкана сыяктуу кээ бир имараттар бар болсо, жердин калганы болсо эгин эгилбеген болсо – эгин эгүү үчүн ижарага берүү жайиз болбойт. Мында ал жердеги сугат каналдары же имараттар таасирин тийгизбейт. Анткени, ал ырасында эгин эгилбеген соӊ теп-тегиз деп эсептелет.

Көрүнүп тургандай, сизге теп-тегиз деген сөздүн мааниси түшүнүксүз болгон. Ошондуктан, сиз теп-тегиз жер – курулуштар жана жабдыктар жок болгон жер деп ойлогонсуз. Акыйкатта болсо, бул орунда теп-тегиз жер деп айтылганда эгин эгилбеген жер түшүнүлөт. Ошентип, демек эгин эгилбеген жер теп-тегиз болуп эсептелет, ал тургай, анда бирер үй бар болсо да, ырасында ижарага берүү ага эгин эгүү үчүн болгон соӊ ушундай болот.

4 – Ал эми жерди дыйканчылык продукцияларынан башка нерсе үчүн т.а. эгин эгүүдөн башка нерсе үчүн ижарага берүүгө келсек, ал жайиз, мунун эч кандай зыяны жок. Анткени, арам кылынган нерсе музораа. Мисалы, бирер өнөржай продукциясын иштеп чыгаруу максатында бирер фабрика куруу үчүн, же жерди автомашиналар туруучу орун кылып алуу үчүн, же сатыла турган товарлар көргөзмөсү үчүн, же чарба жандыктарын багуу үчүн ижарага берүү булардын бардыгы арам эмес, жайиз болот. Анткени, ал музораа үчүн берилген жок. Жерди зыйнаттуу (кооздук үчүн өстүрүлгөн) өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн – эгерде бул өсүмдүктөр ижарага берилип жаткан жерге эгилбеген болсо, тескерисинче, атайын идиштерге жана авиздерге эгиле турган болсо – ижарага берүү да буга кириши мүмкүн. Бул мисалы роза гүлү сыяктуу зыйнаттуу өсүмдүктөр өстүрүлө турган гүлзарлардан белгилүү, анткени, мында жер эгилүүчү авиздер коюла турган бир орун кылып алынат, өсүмдүктөр жерге эмес мына ушул авиздерге эгилет. Ошондуктан, мындай абалда жерди ижарага берүү арам болбойт, анткени, бул музораа эмес, ошондуктан ага музораа арамдыгынын далилдери туура келбейт, тескерисинче ижара жайиздиги далилдери астына кирет.

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рошта    

  4-зул-хижжа, 1435-х.

   28-сентябрь, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here