Азаттык радиосу таркаткан кабарга ылайык, 14-сентябрь күнү Ташкент областындагы Занги-Ата аялдар камагынан муслима карындашыбыз Нилуфар Рахимжанованын сөөгү чыкты. Маркумдун күйөөсү тажикстандык белгилүү журналист жана активдүү оппозиционер Сайидюнус Истаравшаний Азаттык радиосу менен болгон маекте жубайынын өлүмүнө Өзбекстан режими айыптуу экендигин билдирди.
Сайидюнус Истаравшанийдин айтымында, жубайы Нилуфар Рахимжанованын сөөгү Өзбекстандагы жакындарына ишемби күнү берилген жана сөөктү тездик менен көмүү талап кылынган.
Сайидюнус Истаравшаний: “Сөөк алып келингенден кийин алты саат убакыттын ичинде Ташкенттеги мүрзөгө коюлган. Сөөктү алып келгендер өлүмдүн себебин айтышпаган”, – деди.
Тажикстанга турмушка чыккан Нилуфар Рахимжанова 2012-жылы жакындарын көргөнү Өзбекстанга барганда чегарадан мыйзамсыз өтүү жана терроризм айыбы менен айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылган.
Сайидюнус Истаравшаний: Мен ошондо жубайыма “барбагын, Каримов режими бизди жаман көрөт” деп айткан элем. Ал кулак салбастан Өзбекстанга кетти. Ошондон кийин чегарадан мыйзамсыз өтүүдө айыптап, камакка алышты. “Телевизорго чыгып Өзбекстан Исламий Кыймылынын мүчөсүбүз, күйөөм ушул кыймылдын мүчөсү деп айтсаӊ, бошотобуз” деп убада беришкен. Аялым аларга ишенип, ошентип айткан. Т.а. “Иранда билим алып, Өзбекстанга террорчулук чабуулдарын ишке ашырганы келгенмин” деп айткан. Андан кийин “мына өзүӊ айттыӊ” деп 10 жылга камап жиберишкен, – деди.
37 жаштагы Нилуфар Рахимжанованын өлүмүнүн себептери жакындарына айтылбаган.
Учурда Тажикстанда жашап жаткан Маъруфжан Рахимжановдун кызы Нилуфар Рахимжанова 1992-жылы тажикстандык журналист Сайидюнус Истаравшанийге турмушка чыккан.
Кийинчерээк алар төрт баласы менен Иранга көчүп кетишкен.
Сайидюнус Истаравшаний: 1992-жылдан 2011-жылга чейин бирге болгонбуз. Үч жыл мурда ал Тажикстанга кетти. Ал жерден “Өзбекстанга барамын” деп мага телефон чалды. Жакындарынын тою бар экен. Мен “барба” дедим. Ал менин сөзүмө көнбөстөн Өзбекстанга барган. Баргандан бир айдан кийин камакка алышкан. Бизге коюлуп жаткан айыптардын баары жалаа. Биз илим менен алектенген адамдарбыз. Өзбекстан Исламий Кыймылына эч кандай тиешебиз жок, – деди.
Туркистон:
Мусулмандарга диний жактан душман болгон яхудий Каримов Ислам жана мусулмандарга каршы жийиркеничтүү күрөшүн баштаганда, “Биз бул жолдо аялдарга жана жаш балдарга каршы күрөшпөйбүз” деген эле. Бирок, сөзү менен иши башка болгон жүзү жок Каримов өз адаты боюнча бул сөзүнөн да кайтты жана миӊдеген муслима эже-карындаштарыбызды негизсиз доомат жана жалаалар аркылуу соттоп, жүздөгөн эже-карындаштарыбызды камакка алды.
Канкор өкмөт ошону менен эле чектелип калбастан, камактарда да аларга карата адамгерчиликке жатпай турган мамиледе болуп, негизсиз берилген жаза мөөнөттөрү аякташына карабастан, эркиндикке чыгаруунун ордуна акмактарча жаңы жаза мөөнөттөрүн кошуп койду. Бүгүнкү күнгө келип болсо, бул мазлум эже-карындаштарыбыздын сабынан биринчи шейиттер чыга баштады.
Расмий бийлик жана анын ишенимдүү дөбөттөрү тарабынан намыссыз эсептелген эже-карындаштарыбыздын эч бир кыйынчылыксыз колго түшүрүлүп, ар түрдүү жалаалар менен камакка ташталышына өзбек элинин кайдыгерлиги, “ач курсагым, тынч кулагым” деп эч нерсени билмексен жана эч нерсени көрмөксөн болуп алышы иштин ушунчалык өнүгүп кетишине себеп болду. Ал эми алардын мындай кайдыгерлиги болсо, диндерине эле эмес, бул дүйнөсүнө да зыян болду.
Кандай кылсам да эл сабыр кыла берет, баш көтөрүүгө батынбайт, – деген чечимге келип алган Каримов өкмөтү бүгүнкү күнгө келип бүтүндөй өзбек калкын бекер жумушчу күчүнө,” пахта кулуна” айландырып алды.
Эгерде Өзбекстан калкы жашоо образын өзгөртүүгө бел байлабаса абалы мындан да оор болушу анык. Турмушу күндөн-күнгө ого бетер оорлошуп, бул дүйнөдо кор болуп жашаганы жетпегендей, кайдыгерлиги себептүү Акыретте Аллахтын рахматынан куржалак калышы да мүмкүн.
Өз кезегинде Өзбекстандын муслима аялдары арасында биринчилерден болуп – Аллахтын уруксаты менен – шейиттик даражасына жеткен муслима карындашыбызНилуфар Рахимжанованын кылган солих амалдарын өзүнө жолдош кылышын сурап, жакындарынын аза кайгысын теӊ бөлүшөбүз.