РОССИЯ МИСИРГЕ 3,5 МИЛЛИАРД ДОЛЛАРДЫК КУРАЛ САТАТ

234
0

Россия менен Мисир ортосунда 30 жылдык тыныгуудан кийин курал-жарак соодасы дагы кайрадан тикеленди. Мисирдин президенти Абдулфаттах ас-Сиси Москвага болгон сапары маалында Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуп аскерий кызматташтык жана курал-жарак соодасы боюнча келишип алган эле.

Эки мамлекет ортосунда түзүлгөн келишимде, Россия Мисирге 3,5 миллиард доллардык курал сата тургандыгы айтылган. Россия федерациясынын аскерий технология кызматынын жетекчиси Александр Фоминдин айтымында, Мисир менен кол коюлган келишимде көрсөтүлгөн бардык курал-жарактар Мисирге жеткирип берилет.

Фомин Россияга каратылган Батыш мамлекеттеринин санкцияларына карабастан, ортодо келишилген курал-жарак сатуу келишимдеринен келип чыгып, Россия бардык жоопкерчиликтерди аткарууну уланта тургандыгын билдирди.

Фомин: “Портфелибизге бүгүнкү күндө 48 миллиард доллар келип түштү. Спортчулар сыяктуу ар күнү машыгууларды улантышыбыз жана жаӊы рекорддорго жетишүүбүз керек. Тизмеге ар күнү жаӊы келишимдер кошулуп барууда”, – деди.

Мисирдик аскерий адис Хассам Сувайламдын билдиришинче, Мисир Россиядан танкка каршы колдонулуучу “Kornet” ракета системасын, Tor-M1 абадан коргонуу системасын, Mi-8 жана Mi-17 тибиндеги верталётторду жана Mikoyan MiG 29 тибиндеги бомбалоочу самолётторду сатып алат.

Россиянын маалымат булактарына ылайык, Мисир Россиядан MiG-35 бомбалоочу самолётторун, S-300, S-400, Buk-M2E жана Tor-M2E суу астында жүрүүчү кемелерин да сатып алууну каалап жатат.

Мисир Россиядан сатып алуучу курал-жарактын 2 миллиард доллардык бөлүгү Сауд Арабиясы тарабынан каржыланышы айтылган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here