Россия парламентинин төрагасы АКШ жана Батыш мамлекеттери тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясат дүйнөнү жаңы суук согушунун башталышы коркунучуна жакындаштырууда деди.
Сергей Нарышкин шаршемби күнү АКШ башчылыгындагы Батыш мамлекеттери дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн, ошону менен бирге Украинанын иштерине ачыктан-ачык аралашуусуна ишара кылып, НАТОнун Украина мамлекетине курал-жарак жеткирип берүү туурасындагы чечими согуштук кылмыш экендигин айтты.
Сергей Нарышкин Украинада алты ай мурда башталган башаламандыктар үчүн АКШ жана анын НАТОдогу союздаштары жоопкер экендигин билдирди.
Парламент төрагасы НАТОнун убадалары Украинанын ички иштерине ачык-айкын эле аралашуу жана ишке ашырылган кылмыштарга шерик болуу экендигин кошумчалады.
Туркистон:
Обама акыркы кездерде АКШ учурда дүйнөдөгү жападан-жалгыз жетекчи мамлекет жана ал дүйнөнү сактап калуу милдетин сезиши керек деген маанидеги билдирүүлөрдү тарката баштады.
Демек, Нарышкиндин тынчсыздануусуна орун жок. АКШ Россияны суук согуш жүргүзө ала турган атаандаш деп сезип жаткан жок. Суук согуш эки мабдаъий түзүмдөр негизинде бириккен блоктор, мамлекеттер же системалар ортосунда болот. Мисалы, СССР менен капиталистик системанын ортосунда болгону сыяктуу.
Демек, Россия Батыш тарабынан куугунтуктала баштады. Ал өзүнө көз каранды мамлекеттердеги кызыкчылыктарын удаама-удаа жогото баштады. Кезек Россияны түзүп турган федерацияны таркатып жиберүү операциясына жетип келди. Бул долбоор АКШ тарабынан сызылган болуп, көптөгөн жылдар бою Россияны СССРден мураска калган өлкөлөрдөн баскычма-баскыч кууп чыгарды. АКШ бул нерсени ишке ашырууда экономикалык, саясий, сакафий жана аскерий күчтөрүн ишке салды. Бүгүнкү күнгө келип Россия кудуреттүү орус мамлекетине айланды. Украина маселесинде да, жалаӊ гана ички улуттук баалуулуктардан келип чыккан туйгуларга таянууда. Эл аралык саясатта ал дээрлик колдоого ээ эмес. Ошондуктан, Нарышкиндин тынчсыздануулары куру сөз жана кырдаалды көбүртүп-жабыртуудан башка нерсе эмес.
Россиянын чачырап кетүү коркунучунун астында тургандыгынын дагы бир себеби, ал АКШнын долбоору негизинде мусулмандар менен алакаларын курчутууу саясатын кабыл алды. АКШ Россиянын кудум аюуларча саясий ката кетиришин күткөн эле. Россия тышкы саясатында Сириядан баштап, өзүнө көз каранды болгон Борбор Азия мамлекеттеринде жана ички саясатында да бирдей мусулмандарга каршы позицияны карманды. Натыйжада Россия да барган сайын Өзбекстан сыяктуу, исламий жарылуу коркунучу өтө күчөгөн мамлекетке айланды. Мындай абалдардан болсо АКШ өтө жакшы пайдалана алат.
Ошондуктан, бул согушту Батыш тарабынан Россияга карата баскынчылык согушу башталды деп айтса туурараак болот. Россия дүйнөнү же бирер бир мазлум мамлекетти зулумдан куткарып жаткан жок. Ал өзүн мамлекет катары сактап калуу үчүн күрөшүп жатат. Өзүнө көз каранды болгон мамлекеттерди тартып, экинчи лагер пайда болушу керек деп жар салып жаткан болсо да, муну АКШнын мурдагыларга караганда чоӊураак, бирок алдан тайып бара жаткан кезектеги олжосуна кылып жаткан чабуулу деп кароо керек. Бул согушка башка мамлекеттердин эч кандай тиешеси жок.
Россия мусулмандарга карата адилеттүүрөөк болгондо туура болот эле. Исламий өлкөлөрдө жүз бериши күтүлүп жаткан геополитикалык өзгөрүштөрдө АКШнын ыпылас позицияларына каршы туура позицияда элге күйүмдүү болуп анын кадыр-баркын кетиргенде эле, ошондо гана АКШнын максаттарын жокко чыгара алат болчу. Ошондо ал жаӊы калыптанышы күтүлүп жаткан дүйнөнүн геосаясатында өзүнө таандык орунду ээлеп калат беле. Бирок, азыр да кеч эмес.